Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (VII чакырылышы)
2025-жылдын 31-январы № 3
Раззаков шаарынын мэринин 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту.
Раззаков шаарынын мэринин 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | Б.Т. Сапаев |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын
31-январындагы № 3 токтому менен бекитилген
Раззаков шаарынын мэринин 2024–жыл ичинде аткарган иштери тууралуу
ОТЧЕТУ
Кыргыз Республикасынын 2021–жылдын 20–октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123–Мыйзамынын 27–беренесине ылайык Раззаков шаарынын жашоо–турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык–экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен кошо Раззаков шаарынын 2024–жылга социалдык–экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилген. Раззаков шаардык Кеңешинин 2024–жылдын 30–июлундагы №3 Токтому менен социалдык–экономикалык өнүктүрүү программасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген жана бүгүнкү күндө иш–чаралар аткарууга алынып, 2024–жыл ичинде бир топ жумуштар аткарылды.
I БӨЛҮМ
РАЗЗАКОВ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
Аймактык экономикалык өнүктүрүү бөлүмү
2024–жылдын январь айында 2023–жыл ичинде аткарылган жумуштардын жана жыйналган салыктардын жыйынтыгы чыгарылып, 2024–жылга карата Раззаков шаарынын мэриясынын киреше боюнча иш планы түзүлдү. Бирок, 2024–жылдын 22–ноябрында жыл башында бекилген Раззаков шаарынын киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, иш планга ылайык Лейлек райондук салык кызматы менен бирдикте тыгыз иш алып барылды.
Раззаков шаардык Кеңешинин 2024–жылдын 22–январындагы №1 токтомуна ылайык Раззаков шаарынын 2024–жылга бюджети 111 300 000 сом бекилген. Бирок, 2024–жылдын 26–декабрындагы №1 токтому менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип жалпы бюджети 119 836 000 сомго өзгөртүлгөн. Андан сырт, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин жыл жыйынтыгы менен Раззаков шаарынын такталган бюджетинин көлөмү аныкталып, 121 136 000 сом деп каралды. Ал эми Раззаков шаарынын жалпы 2024–жылдын жыйынтыгы менен киреше бөлүгү 136 435 600 сомду түздү. Пайыз менен алганда 112,63 % га аткарылып, 2023–жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 18 824 100 сомго ашыкча жыйналды. Анын ичинен:
Жергиликтүү салыкты жыйноого 8 882 000 сом каралып, бул көрсөткүч 12 158 100 сомго аткарылды. Пайыз менен алганда 136,8 % ды түзүп, 2023–жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 2 498 000 сомго ашыкча жыйналды.
Киреше салыгы боюнча 2024–жыл ичине 84 493 000 сом план бекилип, аткарылышы 91 979 700 сомду түздү. Пайыз менен алганда 108,86 % болуп, 2023–жылга карата 13 932 300 сомго ашыкча жыйналды.
Атайын салыктар боюнча 2024–жылга карата 1 700 000 сом план бекилип, аткарылышы 2 018 900 сомду түздү. Пайыз менен алганда 118,76 % пайызга аткарылды. 2023–жылкы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2 212 000 сомго аз жыйналды. Аз жыйналуусунун себеби 2024–жылдын 1–январынан тартып өлкө аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзгөн ишкерлердин иши токтотула баштагандыгы жана ушул күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер жапырт салыктын бирдиктүү режимине өтүп жаткандыгы болууда.
Жер салыктары, тамарка, жер үлүш жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгы үчүн 2024–жылга 3 990 000 сом план бекилип, аткарылышы 5 808 000 сомду түздү. Пайыз менен алганда 145,56 % ды түздү жана бул көрсөткүч 2023–жылга салыштырмалуу 1 263 500 сомго ашыкча жыйналды.
Авто унаа салыгы боюнча 2024–жыл үчүн 4 892 000 сом план бекилип, аткарылышы 6 350 100 сомду түздү. Пайыз менен алганда план 129,81% га аткарылып, 2023–жылга салыштырмалуу 1 234 500 сомго ашыкча жыйналды.
Өткөн жылдарга карата салык төлөбөгөн атуулдарга эскертүү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө аракеттер жасалды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук акттары аткарууга алынып, Лейлек райондук салык кызматы менен биргеликте рейддер уюштурулуп салык төлөөчүлөргө методикалык жардамдар көрсөтүлдү.
Раззаков шаардык Кеңешинин 2023–жылдын 25–декабрындагы “Раззаков шаарынын 2024–жылга карата түзүлгөн социалдык–экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө” №1–токтомуна ылайык Раззаков шаарынын 2024–жыллга карата социалдык–экономикалык өнүгүү планы бекилип, 2024–жылдын 30–июлунда №3–токтому менен социалдык–экономикалык өнүгүү планына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген.
Өнүгүү планы негизги үч багытка: социалдык, экономикалык жана экологиялык тармакка бөлүнүп жалпы 24 иш чараны өзүнө камтыйт. Өнүгүү планды ишке ашыруу үчүн керектелүүчү каражаттар болжолдуу 98 061,95 сомду түзүп, анын ичинен 36 758 200 сом республикалык бюджеттен, 59 004 890 сом жергиликтүү бюджеттен, 110 000 сом жеке жактардан жана 2 118 750 сом башка тармактардан тартуу жагы каралган. Ал эми аткарылуусуна жылдын жыйынтыгы менен жалпы 102 044 100 сом жумшалып, 37 240 370 сому республикалык бюджеттен, 61 402 255 сом жергиликтүү бюджеттен, 295 000 сом жеке жактардан, 3 097 470 сом башка тармактардан тартылды.
2024–жыл ичинде Раззаков шаарынын өнүгүү планында каралган төмөнкү иш – чаралар аткарылды:
1.2.1 Раззаков шаарынын Туракул Ата көчөсүндөгү жолдун коомдук транспорт каттоочу бөлүгүнө жана Б.Юлдашев жана Б.Комилов көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу иштери аяктады. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 330 612 сом жумшалды. Андан сырт эскилиги жеткен бар абалдагы түнкү жарыктандыруу орнотулган көчөлөрдүн чубалгылары менен кошо жарык берүүчү жабдыктарын алмаштыруу максатында 537 720 сомго керектелүүчү жабдыктар сатып алынды.
1.2.2 Раззаков шаарына караштуу Голбо айылына жана Раззаков шаарынын Б.Комилов көчөсүнө электр мамыларын орнотуу жана аба чубалгыларын тартуу иш–чарасы алкагында керектелүүчү электр жабдыктары 1 139 100 сомго сатып алынды. Сатып алынган электр жабдыктары Лейлек райондук электр тармактары ишканасынын графигине ылайык Раззаков шаарына караштуу Голбо айылынын Кеңеш, Алтын – Бешик, Достук, Жаңы – Конуш көчөлөрүнө орнотуу иштери алып барылуусу макулдашылган. Ал эми Раззаков шаарына караштуу Чимген айылынын Бозогүл участкасынына 5 даана электр мамылары 65 000 сомго сатып алынып, Лейлек райондук электр тармактары ишканасынын жардамы менен орнотулуп пайдаланууга берилди.
1.3.1 Раззаков шаарынын Жаштык участкасынын 420 метр аралыгына жана Раззаков шаарына караштуу Чимген айылынын Р.Темирбаев көчөсүнүн 135 метр аралыгына асфальт төшөө иш – чарасынын алкагында “Ак – Тилек” ААКсы менен 4 034 080 сомго эки тараптуу келишим түзүлүп, толук жумуштар аяктады. Бүгүнкү күндө коомдук транспорттордун каттамына ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
1.3.2 Раззаков шаарынын Касым Ата, Туракул Ата, Манас Ата, Ж.Өсөров, Ж.Исаев, Восточная, Э.Эгембердиев, Пилал көчөлөрүндөгү жалпы 350 м2 бузулган асфальт жолдору калыбына келтирилди. “Коопсуз шаар” программасынын алкагында 12 даана паноо, 6 даана страбаскоп, 52 даана видео байкоо камералары сатып алынып, 22 даанасы муниципалдык мал базардын коопсуздугу үчүн орнотулду. Ал эми калган 30 даана видео байкоо камералары көчөлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн көзөмөлүнө өткөрүлүп берилмекчи. Эки иш – чарага жалпы суммасы 2 013 116 сом акча каражаты бөлүндү.
1.3.3 Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын ички жолдоруна жана муниципалдык мал базардын жолуна шагыл төшөп сүрүп тегиздөө үчүн сарпталуучу күйүүчү дизелдик майларды сатып алууга 865 100 сомго келишим түзүлдү. Быйылкы жыл жаанчыл келип, өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу атайын техникалар планда көрсөтүлгөн көчөлөрдү толук кандуу шагыл төшөө иштерин уюштурууга жетишпегендиктен калган көчөлөрдү 2025–жылдын планынан сырт аткаруу жагы мерчемделүүдө.
1.3.4 Раззаков шаарынын А.Ходжаматов көчөсүнүн 816 метр аралыгына, Раззаков шаарына караштуу Голбо айылынын Жаштар, Ынтымак көчөлөрүнүн 661 метр аралыгына асфальт төшөө иштери үчүн 14 742 781 сом каралып, анын ичинен республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен 4 975 700 сом ал эми жергиликтүү бюджеттен 9 767 081 сом акча каражаты бөлүнгөн. Жумушту эки тараптуу келишимге ылайык “Ак – Тилек” ААКсы жүргүзүп, бүгүнкү күндө толук кандуу пайдаланууга берилди.
1.3.5 Раззаков шаарынын Ж.Өсөров көчөсүнүн 1 150 метр аралыгына жөө адамдар басуучу жан жол (тратуар), жарыктандыруу, сугат суу пайдалануучулары үчүн иригациялык арык куруу иштери каралган. Ал үчүн жалпы 6 943 419 сом акча каражаты ажыратылган. Анын ичинен 2 707 460 сом республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен жана 4 235 959 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды. Бүгүнкү күндө жан жолдун (тратуардын) жана иригациялык арыктын курулуш иштери аяктады, ал эми жарыктандыруу жумуштарын жакынкы аралыкта баштоо жагы мерчемделүүдө.
1.3.6 Раззаков шаарына караштуу Чимген айылынын Булак – Башы көчөсүнүн 234 метр аралыгына асфальт төшөө иш чарасынын алкагында мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланып, жыйынтыгы менен “Ак–Тилек” АКсы менен 1 270 378 сомго эки тараптуу келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө асфальт төшөө жумуштары аяктап, пайдаланаууга берилди.
1.4.1 Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдарга жеңил типтеги аялдамаларды куруу иш чарасы колго алынып, шаарга жана шаарга караштуу айылдарга жалпысы 11 даана аялдама курулду. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 078 910 сом каралып, пайдаланууга берилди. Калктын коомдук унааларды күтүп туруусу үчүн жакшы шарт түзүлдү.
1.5.1 Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык мал базар жана унаа базар комплексин куруу боюнча иш – чарасы Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021–2035–жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасына киргендиктен ал боюнча ыкчам иш аракеттер алып барылууды. Тактап айтканда муниципалдык мал базарга электр чубалгыларын тартуу менен электр мамычаларын орнотуу боюнча 1 546 735 сомго, ички курулуштарды куруу боюнча 14 009 040 сомго келишимдер түзүлүп, курулуштун I – II этаптары толук бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө муниципалдык мал базар штаттык режимде иш алып барууда.
Муниципалдык мал базардын курулушунун III – IV этаптарын баштоо үчүн республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча сунуш каттар жогорку турган органдарга жиберилген.
1.6.1 Раззаков шаарына караштуу Ак–Босого айылындагы сугат суу маселесин чечүү үчүн сугат суу насосу, Ак–Булак айылына 190 метр аралыкка, Х.Кундузов, М.Бобоев жана С.Худайназаров көчөлөрүнө 420 метр аралыгына сугат суу линиясын тартуу үчүн суу түтүктөрү жалпы 1 454 750 сомго сатып алынды. Бүгүнкү күндө Ак – Босого айылына сугат суу насосу орнотулуп, пайдаланууга берилди. Ал эми сугат суу түтүктөрү сугат суу мезгилине чейин орнотуу жагы мерчемделүүдө.
1.6.2 Разаков шаарынын №2 кичи районун сугат суу линиясын тартуу үчүн керектелүүчү түтүктөрдүн көлөмү аныкталып, 1 508 500 сомго сатып алынды. Суу түтүктөрүн сатып алуу менен Раззаков шаарынын Присёлный участкасынан казылган сугат суу скважинасынан сугат суу линиясын тартуу жагы каралган. Жогорудагы маселени чечүү менен калктын сугат сууга болгон муктаждыгы чечилмекчи.
1.7.1 Раззаков шаарына караштуу Ак – Босого айылына таза суу жеткирүү максатында башталган Самат – Ак–Босого 2 600 метр аралыкка таза суу линиясын тартуу үчүн 4 859 840 сом акча каражаты бөлүнгөн. Жалпы сумманын 2 964 300 сому республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен ал эми калган 1 895 540 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылган. Бүгүнкү күндө таза суу линиясынын курулуш иштери жыйынтыкталып, Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Исфана Таза суу” муниципалдык ишканасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жумуштары жүрүүдө.
1.8.1 Раззаков шаарынын аймагына курууга пландаштырылган курулуштардын долбоордук–сметалык документтерин даярдоо боюнча Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына кайрылуу каттары жиберилди. Муниципалдык базар жана автобекет комплексин куруу боюнча жер аянтын бир категориядан экинчи бир категорияга которуу үчүн тийиштүү мекемелерден корутунду алуу менен комплекстин болжолдуу башкы планы Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долборлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан иштелип чыгууда.
2.4.1 Раззаков шаарынын С.Садыков атындагы паркына кошумча оюн – зоок аянтчасынын курулуш иштери аяктап пайдаланууга берилди. Ал боюнча долбоордук–сметалык документтери “Долбоор” ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Курулуш иштерине жалпы 6 764 710 сом жумшалып, анын 1 885 880 сому Лейлек райондук өнүктүрүү фондунан, 3 090 080 сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана калган 1 788 750 сому 2023–жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өткөрүлгөн “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” аталышындагы сынагынан уткан акча каражатынын эсебинен ажыратылды. Курулган оюн – зоок аянтчасында жаш өспүрүмдөрдүн бош убагында көңүл ачуусу үчүн атайын спорттук жабдыктар орнотулган.
2024–жылдын 1–июлунда концерттик программанын негизинде ачылуу аземи болуп өттү. Ачылуу аземине Раззаков шаарынын жана коңушу айыл аймактардын жаш курактагы бөбөктөрү келип катышып, Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан даярдалган белектерди жана балмуздактарды алышты.
2.4.2 Раззаков шаарынын аймагындагы тарыхий–маданий мааниге ээ “Исфана шаарчасынын” айланасын тосуу менен тарыхий эстеликтерди сактап калуу иш чарасы түзүлгөн. Анын алкагында жергиликтүү бюджеттен 540 046 сом акча каражаты бөлүндү. Иш чаранын негизги максаты “Исфана шаарчасынын” айланасын тосуу жана келген туристерге тарыхий жерлерди көрсөтүү жагы каралган.
2.4.3 Төө–Жайлоо массивидеги Раззаков шаарынын мэриясынын карамагына бөлүнгөн эс алуу үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 448 920 сом акча каражаты бөлүнүп, курулуш иштери толук аяктаган.
3.1.1 жана 3.1.2 Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги техникалык базасын чыңдоо максатында атайын техникаларды сатып алуу боюнча өнүктүрүү планына ылайык иш аракеттер жүрдү. Жыйынтыгы менен Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине эксковатор сатып алуу үчүн “СМК” ЖЧКсы менен 11 995 000 сомго эки тараптуу келишим түзүлдү, жалпы сумманынын 6 995 000 сому Лейлек райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, калган 5 000 000 сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылды. Бүгүнкү күндө атайын техника пайдаланууга берилип тийиштүү жумуштарды аткарууда.
Раззаков шаарынын тазалыгын камсыздоо максатында атайын таштанды ташуучу унаа алуу маселеси каралып жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 840 000 сомго “Экспресс Деливери” ЖЧКсы менен эки тараптуу келишим түзүлүп, Раззаков шаарына алып келинип берилди. Бүгүнкү күндө жаңы таштанды ташуучу унаа Муниципалдык менчик департаментинен келишимдин негизинде пайдалануу үчүн “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасынын эсебине өткөрүлүп берилди.
Түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин атайын техникаларды тийиштүү аймакка иш кагаздарын бүтүрүп берүү жоопкерчилиги подряддык компанияларга жүктөө менен алынуусу керектигин белгилеген эскертүүсү эске алынып түзүлгөн.
3.2.1 Раззаков шаарына караштуу Тайлан, Ак – Булак айылдарына жана Раззаков шаарынын Пионерская, Корук көчөлөрүнө сайдан өтүүчү жөө адамдар үчүн көпүрөлөрдүн курулуш иштери аяктап, темир өткөөлдөрүн орнотуу жумуштары жыйынтыкталып, кабыл алуу акттары түзүлдү. Ал эми Раззаков шаарына караштуу Самат айылындагы өзгөчө кырдаал учурунда бузулган жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү калыбына келтирүү максатында 2 513 388 сомго мамлекеттик сатып алуу порталына жарыя берилип, келишимдер түзүлдү. Жалпы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү куруу иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 9 316 747 сом акча каражаты ажыратылган. Аны менен өзгөчө кырдаалдар учурунда пайда болгон селден калктын коопсуз өтүүсүнө шарттар түзүлөт.
3.2.2 Чөлгөн таза суу булагын селден коргоочу канал жана Тайлан айылындагы Тайлан сайына курулган селден коргоочу тосмону калыбына келтирүү менен өзгөчө кырдаалдардын сел коопсуздугун алдын алуу максатында 2 371 695 сом акча каражаты каралган. Анын ичинен 958 022 сому Лейлек райондук өнүктүрүү фондунан каржылануусу жана калган 1 413 673 сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүсү каралган. Андан сырт жергиликтүү тургундары тарабынан сел каналынын кошумча жумуштарына 195 000 сом акча каражатын бөлүп колдоо көрсөтүштү. Бүгүнкү күндө каналды куруу иштери толук кандуу аяктады.
3.2.3 Раззаков шаарынын Ак – Тилек участкасына өтүүчү көпүрөнү калыбына келтирүү максатында КР ӨКМнин ӨКга маниторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин 2015–жылдын 27–февралындагы №27 сандуу корутундусун жана Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.Б.Осмонбековдун Лейлек районунун калкы менен жолугушкан жыйында эл тарабынан айтылган сунуш пикирлерди аткаруу боюнча иш чарасын эске алып Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан чиймелери даярдалып сметалык иш кагаздары даярдалды жана мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. Калыбына келтирүү максатында 3 274 917 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралды. Аба ырайынын жакшыруусу менен казуу иштерин баштоо жагы подряддык ишканага эскертилген.
3.2.4 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024–жылдагы кошумча атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу (АААжКЖ) иш–мерчеми аркылуу аткарылуучу иштер боюнча жергиликтүү тургундар менен бирдикте Раззаков шаарына караштуу Чимген айылынын Шор – Булак участкасына 30 даана, Самат айылына 150 даана, Раззаков шаарына 30 даана Тайлан айылынын Нооданек участкасына 150 даана габион торчолору орнотулду. Раззаков шаарына караштуу жана Ак – Босого айылына 120 даана габион торчолор орнотулду. Андан сырт Раззаков шаарына караштуу Голбо айылынын 400 метр, Раззаков шаарынын Ак – Тилек участкасынын 250 метр жана Восточная көчөсүндөгү 400 метр сел аралар механикалык тазалоодон өттү.
3. Айыл чарба тармагы боюнча:
Айыл чарба багытындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1 398 га. анын ичинен ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты 164 га. кайрак айдоо жер аянты 799,4 га. чөп чабынды жер аянты 151,4 га. бак – дарактар 85,0 га жалпысынан 1 200 га жер аянты бүгүнкү күндө ижарага берилген.
2024–жыл үчүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен атуулдарга ижарага берилген жерлердин ижара акысы 1 700 000 сомго бекилип, иш жүзүндө 1 750 100 сом жыйналды. Пайыз менен алганда 102,95 % га аткарылды.
2024–жылга жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүү 10–апрелге чейин жыйынтыкталып, жалпы 4 034 га жер аянтына кылкандуу дан эгиндери себилди. Анын ичинен жалпы 2 071 га. буудай, 706 га. сугат айдоо жерге, 1 365 га. кайрак айдоо жерге. 1 963 га. арпа, 226 га. сугат айдоо жерге, 1 737 га. кайрак айдоо жерге эгилди.
Жалпы күзгү кылкандуу дан эгиндери 815 га. жерге себилип анын ичинен 276 га. суулуу айдоого эгилди. Жалпы эгилген кылкандуу дан эгиндери 3 215 га. анын ичинен 656 га. суулуу, 185 га. суулуу айдоого дандык жүгөрү, 34 га. дан буурчак, 85,0 га кайрак айдоого май өсүмдүктөрү (күн карама, масар), картошка 137 га. сугат айдоого, жашылча 140 га., 139 га. мөмө – жемиштер эгилген жана 495 га. аянты парга калтырылган, пайдаланылбаган жер аянты 198.0 га.
Жалпы айыл чарба багытындагы жерлердин чегиртке баскан эгин талааларынын 3 600 га. аянты Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан берилген билдирүүлөрдүн негизинде даарыланды.
Раззаков шаарынын мэриясынын 2024–жылдын 5–февралындагы №13 – буйругунун негизинде 2024–жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин эгүү, оруп жыйноо, кесек тоют даярдоо компаниясын өткөрүү максатында штаб түзүлүп, трактор менен жер айдоо гектарына 3 500 сом, дан себүү 1 500 сом, чөп оруу 2 300 сом, орулган чөптү жыйноо 1 200 сом, таңгактоо даанасы 22 сомдон 25 сомго чейин, комбайн менен жыйноо 3 500 сом белгиленип, көрсөтүлгөн суммада жумуштар жүргүзүлдү. Эгилген кылкандуу дан эгиндери өз убагында жыйналып алынды. Орточо эсеп менен сугат айдоо жерден 23,3 центнерден ал эми кайрак айдоо жерден 13,4 центнерден түшүм өндүрүлүп алынды.
Раззаков шаарынын аймагында 2024 – жылга 11 100 тонна кесек тоют дардоо мерчемделип жыл жыйынтыгы менен 11 450 тонна даярдалды, анын ичинен 8 979 тонна чөп. Оруп жыйноо үчүн 52 даана айыл чарба техникалары тартылып, анын ичинен 10 даана комбайн, 4 даана жаңы типтеги комбайн, 6 даана эски типтеги калган айыл чарба техникалары трактор жана кичи тракторлор түздү.
4. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча:
Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан 2024–жыл жыйынтыгы менен сатып алуулар порталына 71 даана сатып алуу жарыяланды. Анын ичинен 24 даана сатып алуунун эрежелерине ылайык кайра жарыяланган. Жалпысынан Раззаков шаарынын мэриясы менен аткарылуучу жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга, сатып алынуучу товарларга 47 даана эки тараптуу келишимдер түзүлүп жумуштар алып барылды.
5. Аскердик каттоо тармагы боюнча:
Раззаков шаарынын мэриясынын аскердик каттоо жана мобилизациялык даярдык боюнча иштери 2024–жыл ичинде «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү» Мыйзамынын 12, 13, 14 жана 41 беренелерине ылайык Раззаков шаарынын калкы жана шаардын аймагындагы мекеме–ишкана, окуу жайлары менен 2024–жылга бекилген иш пландын негизинде жумуштар алып барылды.
Аскердик эсепке каттоо боюнча Раззаков шаарынын аймагындагы жана окуу жайлардын директорлору менен бирдикте 2008–жылы төрөлгөн уландардын тизмелери такталды. Такталган тизмеге ылайык уландардын өздүк иш–кагаздары, делолору даярдалып, көрсөтүлгөн график боюнча медициналык комиссияга келүүсү камсыз кылынды. 2024–жылдын 28–февралына чейин 2008–жылы туулган 252 улан жана ар түрдүү себептер менен каттоодон өтпөй калган 2007–жылы туулган 3 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү. Кандайдыр бир себептер менен аскердик эсепке каттоого келбей калган атуулдарды аныктоо иштери Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык инспекторлору менен бирге жүргүзүлдү.
Жаштарды аскердик–патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш пландарынын алкагында Советтик Куралдуу Күчтөрдүн Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата жоокер–интернационалисттерди урматтап сыйлоо иш–чаралары түзүлүп, мектеп окуучулары, окуу жайларынын студенттери менен Ооган согушунун жана башка согуштук аракеттердин ардагерлеринин жолугушуулары өткөрүлдү.
2024–жылдын 13–15–март күндөрү Лейлек районунун аймагында резервдик түзүлмөлөрдүн, мобилизациялык машыгуу учурунда Раззаков шаарынын мэриясынын кабар берүү участогу белгиленген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарды. Аскердик жыйынга катышкан аскерге милдеттүүлөрдү кабарлоо, алардын аскер комиссариаты тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөткө, жайга өз учурунда келишин, кайра кетиши камсыз кылынды. Жыйын өтүүчү жайга жеткирип, кайра алып келүү үчүн транспорт күйүүчү майы менен камсыз кылынды.
2024–жылдын март–май айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу үчүн 643 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 21 чакырылуучу аскердик кызматка, 52 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. Кыска мөөнөттүү аскердик кызматка 14 улан, альтернативдик кызматка үй–бүлөлүк шарты боюнча 6 улан, диний ынанымдарын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга каалоосун билдиргенине байланыштуу 38 улан чакырылып, аскер комиссариаты тарабынан коюлган наряд толук аткарылды.
Аскердик каттоодон чыкпай туруп республиканын башка шаарларына жана Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнө кетип калган чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматчылардын даректерин тактоо боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 4 чакырылуучунун дареги такталып, чечим чыгаруу үчүн аскер комиссариатына өткөрүлүп берилди.
2024–жылдын 3–6–июнь күндөрү мэриянын кабарлоо участогунун өздүк курамы КМ Башкы уюштуруу мобилизациялык башкармалыгынын башчысынын планы боюнча өткөрүлгөн тактикалык–саптык машыгууларга катышты. Резервдик түзүлмөлөрдү практикалык жыйноо боюнча берилген көрсөтмө так аткарылып, аскерге милдеттүүлөр өз убагында кабарланды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024–жылдын 26–июлундагы №207–Жарлыгына ылайык 2024–жылдын сентябрь – ноябрь айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер коммисариатынан алынган нарядгды аткаруу үчүн 654 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 19 чакырылуучу аскердик кызматка, 61 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн тандалып алынды. Чакыруу комиссиясынын чечими менен 16 чакырылуучу кыска мөөнөттүү аскердик кызматка, 54 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылды.
2024–жылдын 18–декабрына чейинки аралыкта Раззаков шаарынын аймагындагы 2009–жылы туулган 246 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү.
6. Өзгөчө кырдаалдар боюнча:
2024–жыл жаанчыл келип, көптөгөн табийгый кырсыктар катталды. Атап айтканда 2024–жылдын 22–апрелинде жааган жаандан улам сайлардан сел нугу көтөрүлүп, анын себебинен 98 объект жабыр тартты. Тактап айтканда 4 социалдык объект, 1 стратегиялык объект, 1 жөө адамдар өтүүчү көпүрө, 4 коммерциялык түйүн, 86 турак жайдын жер төлөөсү менен чарбалык курулуштар жана 22 жарандын турак үйү зыян тарткан. Тийиштүү мекемелер менен зыяндын болжолдуу суммасын эсептөө учурунда 6 899 800 сом деп белгиленди. Жогоркуларды эске алып Раззаков шаарынын мэриясынын 2024–жылдын 22–апрелиндеги “Раззаков шаарынын аймагында сел кесепеттерин жоюу боюнча өзгөчө кырдаал жарыялоо жөнүндө” №83–Буйругунун 1–пунктуна ылайык Раззаков шаарынын аймагында оордук даражасы боюнча II даражадагы өзгөчө кырдаал жарыяланды. Раззаков шаарынын мэриясынын 2024–жылдын 22–апрелиндеги “Раззаков шаарынын аймагында Жарандык коргонуу комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө” №84–Буйругуна ылайык түзүлгөн комиссия курамы Лейлек райондук ӨКБнүн кызматкерлери менен бирдикте тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүздү. Андан сырт 2024–жылдын 5–майында, 10–майында, 17–18–майында жана 25–26–майында сел жүрүүсү катталып жалпы 28 383 метр аралыктагы ички жолдорду жараксыз абалга алып келген.
Селдин кесепетинен жабыр тарткан жарандарга Кызыл Ай Коомунун Баткен облустук филиалы менен бирдикте гуманитардык жардамдар таркатылды. Турак жайларын камсыздандырган жарандардын тизмелери такталып Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Лейлек районундагы бөлүмүнө берилди. Республикалык бюджеттен 4 жаранга акча каражаты бөлүнүп, турак жайын калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлдү. Ал эми Кызыл Ай Коому тарабынан 37 жаранга 23 433 сомдон акча каражаты бөлүнүп, берилди. Раззаков шаарынын тийиштүү адистери тарабынан акча каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери алынып барылды.
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун пайдасы боюнча кеңири маалыматтар жарандарга берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Раззаков шаарынын мэриясынын расмий баракчаларына турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча байма–бай кыска видео роликтер жарыяланып келүүдө.
Жалпы Раззаков шаарынын аймагына 795 даана габион торчо орнотулуп, 253 турак жай табигый кырсыктан корголуу мүмкүнчүлүгүнө шарттар түзүлдү.
СЭӨПтө каралган иш – чарадан сырт Нооданек участкасына 45 даана Ак –Тилек участкасына 270 даана габион торчо орнотуу иштери жүрүп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн иш мерчемине ылайык Раззаков шаарынын Восточная көчөсүндөгү сел аранын 400 метр аралыгы тазаланып, механикалык тазалоо жумуштары жүргүзүлдү.
7. Юридикалык багыт боюнча:
Раззаков шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси юристине, 2024–жыл ичинде 108 кат, Раззаков шаарынын жашоочуларыдан ар түрдүү маселелер боюнча 72 арыз, Лейлек райондук прокуратурасынан 3 сунушу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы катталып Раззаков шаарынын мэриясынын буйруктары менен аткарууга алынды.
Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан жасалган токтомдордун, буйруктардын жана келишимдердин мыйзамдуулгу каралып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүп келүүдө.
Раззаков шаарынын мэриясына караштуу участкаларындагы кен байлыктар чыккан жер тилкелерин көзөмөлдөө жана лицензия алган жараандарга мыйзам чегинде пайдаланууга жана ижарага берүү жагына юридикалык баа берилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин №109–жарлыгын негизинде ички көчөлөрдө өзү билимдик менен жер участокторун кенейтип алган жарандардын тосмо дубалдарын буздуруу жана авто унаа жолдорун кенейтүү иштери аткарылган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жер мунапысы боюнча мыйзамсыз курулуп калган турак жайлардын жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү боюнча иш аракеттер аткарылып, Раззаков шаарынын аймагында мыйзамсыз курулган 13 жарандын турак үйлөрү Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясынын кароосуна берүү үчүн тийиштүү иш–кагаздары толукталууда.
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексине ылайык мыйзамды бузган жарандарга айып пулдарын салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынан ЕРН бирдиктүү реестрине каттоодон өтүп, мыйзам бузган жарандарга 24 протокол толтурулуп айып пулдары салынды.
II БӨЛҮМ
Социалдык өнүктүрүү сектору
1. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
Раззаков шаарынын мэриясында иш кагаздарын жүгүртүү толук бойдон “Инфодокс” ЭКА тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө. Ал эми жарандарга үй–бүлөлүк курамы же жашагандыгы тууралуу маалымдамалар берүү токтотулган болуп, ар бир жаран өзү “Түндүк” электрондук системасында жекече катталып алуусу мүмкүн экендиги жөнүндө кайралган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.
2024–жыл ичинде жогорку органдардан жана башка ар түрдүү мекеме–ишканалардан жалпы 3 467 каттар, нормативдик укуктук актылар кириштелип, аткарууга алынган, анын ичинде Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынан 673 каттар, токтомдор, буйруктар, чечимдер катталган.
Жыл ичинде шаар мэриясы тарабынан 3 356 каттар чыгышталган.
Раззаков шаарынын мэриясында жалпы 975 жарандардын арыздары, кайрылуулары катталган. Тагыраак:
№ | Иш кагаздарынын аталышы | 2024–жыл ичинде |
1 | Кабыл алынган токтомдор | 139 |
2 | Чыгарылган буйруктар | 321 |
3 | Кадрлар боюнча өздүк буйруктар | 76 |
4 | Иш сапарына жөнөтүү боюнча буйруктар | 56 |
5 | Ар түрдүү маалымдамалар (мекеме уюмдарга) | 422 |
6 | Көзү өткөн жарандарга берилген маалымдама ф–50 | 121 |
7 | Кадрлар резервине өткөрүлгөн конкурстар | 2 |
8 | Өткөрүлгөн аппараттык чогулуштар | 46 |
9 | Раззаков шаарынын мэринин жана орун басарынын кабыл алуусунда болгон жарандардын саны | 425 |
Арыз жана каттар
№ | Иш кагаздарынын аталышы | 2024–жыл ичинде |
1 | Жогорку органдардан, мекеме, ишканалардан келген иш кагаздарынын (токтом, буйрук, кат ж. б.) саны | 3467 |
2 | Жарандардан келген арыздардын саны | 975 |
3 | Тийиштүү жогорку органдарга, мекеме–ишканаларга, жарандарга жөнөтүлгөн чыгыш иш кагаздардын саны | 3356 |
2. Статистика тармагы боюнча:
Раззаков шаарынын мэриясынын статист адиси Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иш алып барууда.
2024–жылдын 1–январына карата Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын (№ 9–Форма–калк тууралуу отчет) 32 848 (факт. 28 273) жараны, 6 084 (факт. 5 643) кожолугу катталды.
2025–жылдын 1–январына карата мал жандыктардын эсеби 2024–жылдын 29–декабрына карата жыйынтыкталган:
–Ири мүйүздүү малдар – 7 387 баш, а.и. саан уйлар–3 779 баш, койлор–29 090 баш, эчкилер–1 959 баш, жылкы–648 баш, канаттуулар–10 638 даана.
–№3 ач–Форма–жаздык өсүмдүктөрүн себүү тууралуу отчет–ай сыйын (4 ай бою) М: 1 434 га. буудай, 1 785 га. арпа, 141 га. картошка, 91 га май өсүмдүгү
–№24–Форма–мал чарба продукциясын өндүрүү жана төл тууралуу ай сайын, квартал сайын; эт 10 590 ц, сут 26 900 ц, жумуртка 272 000 даана;.
–Ай сайын кичи өнөр жайы тууралуу отчет: –тегирмендер, навайлар, кондитердик азыктар, бал муздак, пескоблок, лайблок, кыш завод, эшик–терезе, пилорама, мебель, брусчатка, евродубал, тигүү буюмдары, суу кудугуна шакек, дарбаза, электр ширетүүчүлөр, темир усталар, токарь, пахта тазлоочу.
2024–жылдын 31–декабрына карата шаардын аймагында 24 жеке кичи жана ири ишканалар ачылып, 838 жаран жумуш орду менен камсыз болгон.
“Санарип Аймак” программасынын аткарылышы боюнча:
“Санарип Аймак” мамлекеттик тутумуна Раззаков шаары жана шаарга караштуу айылдар боюнча калктын саны 32 848 болсо, анын ичинен 28 540 жаран катталып, аткарылышы 87% түздү. Жарандарды каттоо иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Калктын бардыгы | 32848 |
| Жашап турган калк | 28273 |
Санарипке катталганы | 28540 |
| Санарипке катталганы | 28540 |
Пайыз | 87% |
| Пайыз | 101% |
Маданият жана спорт тармагы боюнча:
Раззаков шаарында “Нооруз” майрамын өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 176 900 сом акча каражаты жумшалды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдык майрамына гүл чамбарларды алуу үчүн 7 400 сом акча каражаты жумшалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда Бишкек шаарында өтүүчү “Жаңы кадам” социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алуучулардын республикалык съездине барып катышып келүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн 3 адамга 6 000 сом акча каражаты Раззаков шаарынын мэринин 2824 резервдик фондунун эсебинен бөлүнүп берилди.
Нарын облусунда өтүүчү республикалык мелдешке катышуучу спортчуларга колдоо көрсөтүү максатында 35 000 сом акча каражаты Раззаков шаарынын мэринин 2824 резервдик фондунун эсебинен бөлүнүп берилди.
Энелер күнүнө карата кыз–келиндер арасында Раззаков шаары боюнча волейбол биринчилигин өткөрүү үчүн 25 000 сом акча каражаты Раззаков шаарынын мэринин 2824 резервдик фондунун эсебинен бөлүнүп берилди.
Раззаков шаарындагы Самат Садыков эс алуу багына жаш өспүрүмдөр үчүн курулган балдар ойноочу аянтчанын ачылуу аземи “Раззаков шаары жаштарга жана балдарга ыңгайуу шаар” аталышындагы майрамдык программа менен коштолуп, иш чараны уюштуруу үчүн 54 300 сом акча каражаты сарпталды.
Кара – Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата объектерди ачуу аземине утурлай Раззаков шаарынын муниципалдык мал базары салтанатуу ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылуу аземин уюштуруу үчүн 43 500 сом акча каражаты жумшалды.
Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата “Гүлдөй бер күндө Кыргызстан” аталышында майрамдык чоң салтанат борбордук стадиондо болуп өттү. Майрамдын жүрүшүндө парад, театрдык көрүнүш, майрамдык кече менен коштолуп, 191 000сом акча каражаты сараталды.
2025–Жаңы жыл майрамын уюштурулуп, жогорку деңгээлде тургундарга шаң тартууланды. Ал үчүн 206 000 сом акча каражаты жумшалды.
Өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын эсебинен тартылган инвестиция боюнча:
БУУ ДАТП уюмунун колдоосу менен 2024–жыл ичинде 9 кичи долбоорлор сунушталып, а.и. бүгүнкү күнгө чейин 9 долбоор ишке ашырылып бүткөрүлдү:
–“Исфана” сайга 15 метрге 30 даана габион торчолору орнотулду;
–Чимген айылынын “Шор Булак” сайында 15 метрге 30 даана габион торчолору орнотулду;
–Чимген айылында Т.Жапаров атындагы орто мектебинин жогору жагынан өткөн 146 метр арыктар бетондолду.
–Самат айылынын Раззаков – Ак – Суу унаа жолундагы көпүрөнүн оң тарабын бекемдөө үчүн 150 даана габион торчолор орнотуу иштери аяктаты.
–Раззаков шаарынын Ж.Исаев көчөсүндөгү 600 метр сугат арык бетондолду.
–Раззаков шаарынын Ж.Өсөров көчөсүндөгү 200 метр сугат суу арык бетондолду.
–Ак–Тилек участкасындагы сайдын жээгин бекемдөө үчүн 270 даана габион торчо орнотулду.
–Раззаков шаарына караштуу Ак–Босого айылынын бузулган сай жээгин бекемдөө үчун 120 даана габион торчо орнотулду.
–Раззаков шаарынын Ж.Исаев көчөсүндөгү жан жолду оңдоо үчүн бордюрларды орнотуу иштери жүрдү.
Жогоруда аталган долбоорлордо каралган жумуштарды аткарган жумушчуларга БУУ ДАТП тарабынан 1 621 210 сом акчалай жардамдарын төлөп берилди.
Социалдык коргоо тармагы боюнча:
1. Раззаков шаарынын аймагында жашаган турмуштук оор кырдаалда жашаган Социалдык коргоо тармагы боюнча:
1. Раззаков шаарынын аймагында жашаган турмуштук оор кырдаалда жашаган арыз менен кайрылган 45 үй–бүлөлөргө арызын канааттандыруу максатында 238 177 сом акчалай жардам көрсөтүлдү.
–онкологиялык ооруу менен ооруган 15 жаранга дарыланып келген жол кире чыгымдары документтеринин негизинде 106 289 сом төлөнүп берилген.
–Багуучусун жоготкон бир үй–бүлөгө 11 ай ичинде 1 жаранга 3000 сом акча которулуп берилди.
–Турмуш шарты өтө оор 19 үй–бүлөлөргө 112 000 сом акчалай жардам берилди.
–КОС и КОГ 1 жаранга 2 888 сом акчалай жардам берилди.
2. Ооган согушунун 19 ардагерлерине 59 400 сом которулуп берилди.
3. “Социалдык адилетүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө” карата турмуш шарты өтө оор жана майыптыгы бар 82 үй–бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 305 000 сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.
4. ЧАЭСтердин майрамына 6 катышуучусуна 5 000 сомдон жалпы суммасы 30 000 сом акчалай жардамдар берилген.
5. Улуу Ата мекендин 79 жылдыгына карата 14 тыл ардагерине 84 000 сом акчалай жана белектер уюштурулду.
6. Энелер күнүн майрамына карата 110 600 сом бөлүнүп сый тамактар уюштурулду.
7. 1–июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата 56 997 сом каралып белектер жана балмуздактар берилди.
8. Алтын Бешик эс алуу лагерине турмуш шарты оор үй–бүлөдө тарбияланган 11 балага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 52 052 сом акча бөлүнүп берилди.
9. 1–октябрь карыялардын эл аралык күнүнө карата Раззаков шаарынын аймагында жашаган 55 улгайган карыялардын ар бирине 2 000 сомдон жалпы 110 000 сом, Сүлүктү шаарындагы карылар үйүнө 5 000 сом которулуп берилди. Андан сырт 100 карыяга сый тамак уюштурулуп 150 000 сом жумшалды. Жалпысы 265 000 сом акча каражаты бөлүндү.
10. Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдарда жашаган социалдык коргоого муктаж болгон жарандарга 2024–2025–жылдарга күз кыш мезгилине карата көмүр менен камсыздоо үчүн 247 үй бүлөгө 605 277 сомдук 65 тонна көмүр таркатылып берилди.
III БӨЛҮМ
Түзүмдүк мекеме, ишканалар
1. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы боюнча:
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө жалпысынан 24 кызматкерлер эмгектенишет. Анын ичинен 5 административдик жооптуу кызматкер, 4 кассир–контролер, 2 техник–түзөтүчү, 2 суу бурчуу сантехник, 1 электрик, 7 күзөтчү, 1 тракторист, 1 чарбалык иштер боюнча адис жана 1 техникалык кызматкер. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Раззаков шаарына караштуу тийиштүү айылдарды жана Раззаков шаарынын аймагындагы мекеме–уюмдарды, мектеп жана бала бакчаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө.
2024–жыл ичинде “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасына Раззаков шаарынын тургундарынан келип түшкөн жазуу түрүндөгү арыздардын саны 59 арыз катталган болсо, баардык арыздарга өз мөөнөтүндө аткарылып жооп берилди.
2024–жылга бекилген киреше тармагы 6 183 200 сомду түзсө, бүгүнкү күндө 6 108 600 сомго аткарылды.
747 суу пайдалануучунун короосунда суу түтүгү орнотулган, 350 кожолук көчөдөгү суу түтүгүнөн пайдаланат. 53 коммерциялык түйүндө жана 42 мекеме уюмдар менен келишимдер түзүлгөн.
ЕБРР жана ЕФЦА нын каржылоосу менен “Раззаков (Исфана) шаарынын таза суу системасын реабилитациялоо” долборуун ишке ашыруу боюнча төмөнкү жумуштар аткарылууда:
Бүгүнкү күндө женүүчү катары “СП Kanalet Insaat Elektrik Uretim Sanayi ve Ticaret A.S.” фирмасы белгиленип, 2023–жылдын 8–августунда эки тарапптуу келишим түзүлүп, азыркы учурда графиктин негизинде Тегирменти участкасында, Голбо участксында МКР №2 участкасында, “Ай Көл” участкасында, “Аэропорт” участкасында, Колхозная, Тоголок Молдо, К.Кундузов көчөлөрүндө, МКР №1, Восточная көчөсүндө жана Жаны Конуш көчөсүндө жумуштар башталып азыркы учурда жумуштар жүрүп жатат. Жалпы долбоор боюнча жумуштун аткарылганы пайыз менен алганда 70% ды түзөт.
Ошондой эле ЕБРРдин жана ЕФЦА нын өкүлдөрүнүң катышуусу менен Раззаков шаарында ЕФЦА нын каржылоосу менен алынган КАМАЗ үлгүсүндөгү автоунанын жана кызматтык пикап автоунасынынын тапшыруу аземи өткөрүлдү.
Алты айдын ичинде Туракул Ата көчөсүндөгү суу түтүгүнүн бузулган аралыгы оңдолдуп, калыбына келтирилди.
Раззаков шаарына караштуу Чимген айылында суу түтүгүн оңдоо–түздөө иштери жүргүзүлүп, 4 200 сом жумшалды.
Тегирменти участкасындагы суунун башындагы суу алуучу трубанын алдын суунун көлөмүн көбөйтүү максатында оңдоп, тазалоо иштери жүргүзүлүп, суунун көлөмү өз нормасына келтирилди.
Раззаков шаарынын СССРдин 60 жылдыгы көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы колонкадан таза суунун чыгуусу үзгүлтүккө учурагандыктан оңдоо иштери жүргүзүлүп, пайдаланууга берилди.
Ошондой эле Раззаков шаарына караштуу Чимген айылынын Тагай Жакып көчөсүнүн тургундарынын арызынын негизинде көчөгө суу түтүгү орнотулуп берилди.
Таза сууну элге жеткирүүдө санитардык нормаларды сактоо менен Лейлек райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмү менен сууну хлордоо иштерин алып барып жатат.
2. “Лейлек тазалык” муниципалдык ишканасы боюнча:
“Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө 47 кызматкерди түзүп, анын ичинен 5 жооптуу кызматкер, 3 кассир–контролер, 8 айдоочу, 10 жүктөөчү жумушчу, 1 агроном–багбан, 1 багбан, 1 комендант, 10 дворник, 1 электрик, 2 күзөтчү , 1 техничка 1 ширетүүчү эмгектенет.
“Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишканасы негизинен Раззаков шаарынын санитардык абалын кароо, шаардын көрктөндүрүү, түнкү жарыктарды иштетүү жана келишим түзгөн мекеме ишканаларды жеке кожолуктарды тейлеп тазалыкты камсыздайт. Бүгүнкү күндө 15 даана пайдаланууда атайын техникасы бар анын ичинен 11 жарактуу 4 жараксыз абалда, жогорудагы техникалардын жардамы менен шаардын тазалыгын камсыздоо, шаардын көчөлөрүнө суу себүү жана гүлдөрдү, арчаларды сугаруу жана Раззаков шаар мэриясы тарабынан берилген жарнамалык баннерлерди илүү, түнкү жарыктардын күйүүсүн камсыздоо жумуштарын аткарат.
2024–жылга абонент 4 876 (1 742 жеке кожолук), 13 мекеме уюмдар жана 156 коммерциялык түйүндөр менен келишим түзүлгөн. Ал эми 89 мекеме уюмдар жана коммерциялык түйүндөр, 80 жеке кожолуктар келишимден баш тарткан .
Ошондой эле 2024–жыл ичинде түшкөн кирешеси мекеме ишканалардан 2 001 700 сом, жеке ишканалардан 648 542 сом, кожолуктардан 1 493 090 сом түшкөн, жалпысы болуп 4 143 332 сомду түздү. Ал эми бюджет эсебинен жана атайын эсептен берилген эмгек маянасы үчүн 12 318 800 сом каралып, анын ичинен социалдык фонд 1 543 800 сом, киреше салыгы 569 077 сом төлөндү. “Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишканасына 2024–жыл ичинде 86 арыз кат катталып өз мөөнөтүндө жооптору берилди.
Кыш мезгилинде Раззаков шаарынын ички жолдоруна кар көп жаап тайгак болгон убактарда жол коопсуздугун сактоо максатында өз убагында шлак жана туз материалдарын себүү иштери аткарылды. Ошону менен бирге 2024–жылдын январында жана февралында 19 тонна шлак, 2,090 тонна туз Кошмуратов, Манас–Ата, И.Раззаков, Салам–Бава, Туракул Ата, А.Азизов, Ж.Өсөров, Ж.Исаев, СССРдин 60 жылдыгы, Восточная, К.Кундузов, Тоголок–Молдо жана Э.Эгембердиев көчөлөрүнө себилди. Ал эми ушул эле жылдын ноябрь – декабрь айындагы тоңголокто 46,7 тонна шлак, 7 030 килограмм туз жарандардын коопсуздугу үчун жолдорго жана тратуарларга себилген.
Белгиленген график боюнча жумуштар аткарылып күнүнө 3, 4 каттам кээ бир убакыта 6 каттам таштандылар алынып чыгууда. 9 ай ичинде чыгарылган каттуу таштандылар январь айында 170 каттам, февраль айында 204 каттам, март айында 218 каттам, апрель айында 232 каттам, май айында 206 каттам, июнь айында 228 каттам, июль айында 210 каттам, август айында 242 каттам, сентябрь айында 224 каттам, октябр айында 236, ноябрь айында 224 каттам, декабрь айында 192 каттам жалпысы ТБО –2 586 каттам (7 758 тонна) менен таштанды ташылып чыгарылган. Ал эми суюк таштандылар 184 каттам (576 тонна) менен ташылды. МТЗ 82/1 экскаватор 1 692 саат, Газ–52 вышка 2474 саат, ЗИЛ поливалка 368 каттам жумуш аткарган. Атайын техникаларга жумшалган күйүүчү майлар Дт (салярка) 23 600 лт , АИ–92 (бензин) 12 300 лт сарпталган.
Раззаков шаарында ишемби күндөрү ишембилик өткөрүлүп шаар ичинен 42 каттам менен таштанды чыгарылган. “Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан “Самат Садыков” атындагы эс алуу багынан 61 каттам жаңы курулган балдар ойноочу аянтчасынан 23 каттам менен таштанды чыгарылып көчө тазалоочулар тарабынан шыпырылып, тазаланды. Жаңы ачылган мал базардан 16 каттам менен таштанды чыгарылып, 11 каттам менен суу себилди. Талант–Ордо багынан 7 каттам менен таштанды чыгарылып жумушчулар тарабынан тазаланган.
Ошондой жыл ичинде жааган жамгырдын жана мөндүрдүн кесепетинен Раззаков шаарынын көчөлөрүндө сел жүрүп шагалга, кумга толуп калган арыктар, жолдор тазаланып 12 каттам менен шагал, кум чыгарылган.
2024–жылдын январь айынан “Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишканасы накталай жана дөмүрчөктөрдү жоюуу максатында “Биллинг” системасы жумушка киргизип бүгүнкү күндө жумуштар жүргүзүлүүдө.
“Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн алкагында Кошмуратов көчөсүнө жана Раззаков–Баткен жолунун боюна 40 даана можевельник, Ж.Исаев, И.Раззаков көчөлөрүнө жана “Самат Садыков” атындагы эс алуу багына 30 даана Ель Тяньшанская жашыл арчалары, “Самат Садыков” атындагы эс алуу багына 10 даана Ель Тяньшанская көчөт арчалары отургузулган. Көркөндүрүү үчүн бөлүнүп берилген аймактарга Маргарита, Петуния, Тагетес жана Виола гүлдөрү жалпысы болуп 5 000 даана көчөтү отургузулган. И.Раззаков көчөсүнө жана Раззаков стелласына, Балдар аянчасына жалпысы болуп 20 кг газон себилип, ишемби күндөрү ишембиликтер өткөрүлүп шаар ичиндеги арчаларга 100 кг селитра, 100 кг аммофос, 100 кг корбомит, 40 кг алтын күкүрт (золотая сера) жер семирткичтери салынып суугарылды.
Шаар ичиндеги түнкү жарыктарды жана жол белгилерди тосуп калган бак–дарактар буталып иретке келтирилди. Ошондой эле Раззаков шаарынын көчөлөрүндөгү жана айылдардагы түнкү жарыктардын түнкүсүн күйүп туруусун жана күйбөй калган түнкү жарыктарды оң абалда туруусун камсыздап, Чимген айылына 3 даана 50w прожектор жана 300 метр 2х6 чубалгы, МКР–2 8 даана 30w лампочка, Раззаков шаарына 25 даана автомат 63А алмаштырып жаңы коюлду.
3. Муниципалдык менчик департаменти:
Муниципалдык менчик департаментинде азыркы учурда штат боюнча 1 департамент башчысы, 3 башкы адис, 2 жетектөөчү адис, 1 адис, 1 оператор катчы, 1 чарба башчысы, 1 күзөтчү, 1 техникалык кызматкер эмгектенет.
2024–жыл ичинде келип түзкөн арыз каттардын саны жалпы 781 даана болуп, 285 даана кат мекеме–ишканалардан, 496 даана арыздар жеке жарандардан жана анын ичинен 215 даанасы турак жай куруу үчун жазылган арыздар катары катталган. 281 даана кат ар түрдүү маселелер боюнча каралып, өз убагында жооптору берилди.
Муниципалдык менчик департаментинин жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүдөн 2024–жылга карата 1 300 000 сом каралып, иш жүзүндө аткарылганы 2 145 500 сомду түздү.
Лейлек райондук ички иштер бөлүмү жана Лейлек райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмү менен бирдикте базарлардын алдындагы ирээтсиз сатуучуларды базар ичине киргизүү иш–чаралары уланууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023–жылдын 14–мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №56 Жарлыгын, 2022–жылдын 8–апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №109 Жарлыгын аткарууга алып, мыйзамсыз курулуштарды алдыруу боюнча иш–чараларды алып барып ар кандай багыттагы 245 курулушту аныктап, жарандардын бузуп алуусун эскерткен каттар жиберилген. Бүгүнкү күндө эскертүү мөөнөтү аяктаган курулуштарды буздуруу боюнча иштер жүрүүдө.
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу менен кезекте турган жарандарды жер тилке менен камсыз кылуу жаатында тийиштүү иш–кагаздары даярдалып жатат.
4. “Төө Жайлоо” СПАсы боюнча:
“Төө Жайлоо” СПАсынын 2024–жыл үчүн киреше бөлүгү 704 480 сом бекилип, иш жүзүндө 510 000 сомго суу жеткирилип берилди. СПА Лейлек райондук суу чарба башкармалыгы менен 2 516 000 м3 сугат сууну алуу үчүн келишим түзүп, 2 250 000 м3 сууну бүгүнкү күндө алган. Анын ичинен 1 822 500 м3 элге жеткирилип, 427 500 м3 суу жоготууга учураган. Жоготууга учураган суулардын көлөмүн азайтуу максатында бузулган канал, лотокторду оңдоо үчүн 81 200 сом акча каражаты сарпталды. Анын алкагында 70 жылдык каналынын 3 250 метр, Р–1 каналынын 1 500 метр, Р–2 каналынын 900 метр, Р–3 каналынын 1 300 метр аралыгы жана 17 даана каналдагы жана лотоктогу кум шагыл иргөөчү чуңкурлары тазаланып бузулган жерлери калыбына келтирилди. Мөөнөтү бүткөн электр эсептегичтери алмаштырылып пайдаланууга берилди. Ички арыктар эл тарабынан тазаланып, суулар үзгүлтүксүз берилди. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын 2024–жылдын 7–февралындагы “Пилоттук режимде административдик–аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52–Токтомунун 6–пунктунун 1–пунктчасына ылайык Раззаков шаарынын мэриясынын 2024–жылдын 28–августундагы №211 сандуу буйругу менен Раззаков шаарынын аймагындагы сугат жерлерине келишимдик шарттарда ээлик кылган жана пайдаланган адамдарга сугат сууну күтүү жана бөлүштүрүү милдети Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасына өткөрүү иш аракеттери уланууда.
5. Раззаков жайыт пайдалануучулар бирикмеси боюнча:
Раззаков жайыт пайдалануучулар бирикмеси үчүн киреше бөлүгү 2024–жыл үчүн 1 100 000 сом бекилип, иш жүзүндө 1 155 500 сомго аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023–жылдын 29–декабрындагы “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик–аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” №735 Токтомуна ылайык Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан Раззаков жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга берилген жайыт жер аянттарын кайрадан Раззаков шаарынын мэриясынын карамагына алуу боюнча Раззаков шаарынын мэриясынын 2024–жылдын 22–февралындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023–жылдын 29–декабрындагы №735 Токтомун аткарууга алуу жөнүндөгү” №36 буйругу менен бекилген комиссия курамы түзүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин 2011–жылдын 31–мартындагы “Исфана шаар башкармасына караштуу жазгы, жайкы жана кышкы жайыт жерлерин Исфана шаардык Кеңешинин жайыт комитетине өткөрүп берүү жөнүндөгү” №3 токтомун күчүн жоготту деп таап кайрадан Раззаков шаарынын мэриясынын карамагына кайтарууга макулдук берүү боюнча Раззаков шаардык Кеңешинен тийиштүү чечимдер чыгарылды. Бүгүнкү күндө кайрадан алынган жайыт жерлерин муниципалдык ишкананын эсебине өткөрүлүп 2025–жылга программасы даярдалып жатат. Комиссия курамы пайдалануудагы жайыт жерлерин контурлары боюнча тактап, ижарага берилген жана бир категориядан экинчи бир категорияга которулган жайыт жерлердин тизмесин тактап чыккан. Раззаков шаарынын мэриясы жогорудагы чечимдерди жетекчиликке алып, Раззаков шаарынын аймагындагы жайыт жерлерди башкаруу укугун Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасына берди.
Мэрдин орун басары:- А.О.Разакбердиев