Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (VII чакырылышы)
2025-жылдын 31-январы № 4
Өзбек-Кыргыз өнүгүү фонду аркылуу Раззаков шаарына автобустарды финансылык ижарага (лизингге) алууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2021–жылдын 20–октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123–Мыйзамынын 34–беренесин жетекчиликке алып, Раззаков шаарына Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунан коомдук транспорт үчүн ISUZU SAZ HD-50 үлгүсүндөгү 5 даана автобустарды финансылык ижарага (лизингге) Өзбек-Кыргыз өнүгүү фонду аркылуу алуу жөнүндөгү Раззаков шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 24-январындагы №01-35-193 сандуу катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,
Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | С.А.Саматов |
Тиркеме №1
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын
31-январындагы № 4 токтому менен бекитилген.
Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан ӨКӨФ аркылуу коомдук
автобустарды сатып алуу долбоорун каржылоо
СТРУКТУРАСЫ
№ | Алынуучу техника | Саны | Баасы | Жалпы баасы USD | ӨКӨФ салымы | Өздүк салым |
1 | Автобус “ISUZU SAZ HD–50” | 5 | 74 000 | 370 000 | 259 000 | 111 000 |
2 | “УНАА” ММ каттоого кеткен чыгымдарын төлөө үчүн (ар бир транспорт 24 000 сом) |
|
| 1 386 | 0 | 1 386 |
3 | Бажы төлөмдөрү (атайын техниканын 0,25%) |
|
| 925 | 0 | 925 |
4 | Лизингди берүүнү уюштуруу боюнча комиссия төлөмү (лизингдин суммасынан 0,5%) |
|
| 1 295 | 0 | 1 295 |
| Жалпы: |
|
| 373 606 | 259 000 | 114 606 |
| Каржылоо үлүшү |
|
| 100% | 69,3% | 30,7% |
Мындан сырткары техникаларды сатып алгандан кийинки төлөмдөр болот:
5 | Техникаларды жыл сайын камсыздандыруудан өткөрүү (жалпы сатып алынган наркына карата 1,5 %) | 5 | 1,5% | 5 550 USD | 0 | 5 550 USD |
6 | Лизингке сатып алынган техникалардын жылдык 4% пайыз төлөмү (бир жылдык) |
|
|
|
| 65000,0 USD |
7 | Жабдуулардын жылдык техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдары (техникалык наркынан 3,5%) (370000 долл * 3,5%=12 950 доллар болжолдуу) |
|
|
|
| 12 950 USD |
| №5, №6, №7 пунктар боюнча жалпы: |
|
|
|
| 76 213,8 USD |
| Жалпы №1–7 пунктардын суммасы: |
|
|
|
| 190 819,8 USD |
|
|
|
|
|
|
|
Раззаков шаардык
Кеңешинин жооптуу катчысы:- З.Н.Туяков
Тиркеме №2
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын
31-январындагы № 4 токтому менен бекитилген.
Раззаков шаарынын муниципалдык менчигине ISUZU SAZ HD–50 автобустарын алуу үчүн техникалык–экономикалык негиздеме
жана бизнес–план
1. Жобо боюнча маалымат
Максаты: Раззаков шаарынын жана жакынкы калктуу пункттардын тургундары үчүн коомдук транспорттук каттамдарды уюштуруу аркылуу каттамды жеңилдетүү.
Долбоордун алкагында: 5 даана ISUZU SAZ HD–50 автобустарын сатып алуу.
Жалпы наркы: 373 606 доллар (бажы төлөмдөрү жана каттоо чыгымдары менен) 114 606 доллар жергиликтүү бюджеттен биринчи өздүк салым катары каржылоо. 259 000 доллар Кыргыз–Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу 5 жылдык мөөнөткө финасылык ижара (лизинг) алуу.
Каттамдар: Болжолдуу Раззаков–Сүлүктү, Раззаков–Бөкөнбаев, Раззаков–Самат, Раззаков–Чимген жана шаардын ички каттамдары.
2. Техникалык–экономикалык негиздеме
2.1. Автобустардын техникалык мүнөздөмөлөрү
Модели: ISUZU SAZ HD–50.
Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу: 29 орун отургуч жана турган абалда жалпы 44
Экологиялык стандарт: Евро–5.
Иштөө шарттары: Узак мөөнөттүү жана экономикалык жактан натыйжалуу.
2.2. Транспорттук көйгөйлөр
Жарандардын шаар ичиндеги жана шаар аралык каттамдарга жетүүсүндөгү кыйынчылыктар.
Коомдук транспорттун жетишсиздиги жана маршруттук унаалардын эскилиги.
2.3. Автобустардын ишке киргизүүдөн пайдасы
Каттамдардын санын көбөйтүү жана сапатын жакшыртуу.
Коноктордун жана жергиликтүү тургундардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу.
Раззаков шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу.
2.4. Экономикалык негиздеме
Тармактык киреше:
Жылына болжолдуу 300 күн иштеген учурдагы киреше:
Раззаков–Сүлүктү (30 сом): күнүнө 6 каттам, ар бир каттамга 30 жүргүнчү. 6 каттам×30 жүргүнчү×30 сом×300 күн=1 620 000 сом/жылына ушул эле каттам Сүлүктү–Раззаков 6 каттам×30 жүргүнчү×30 сом×300 күн=1 620 000 сом/жылына жалпы 3 240 000 сом/жылына
Башка каттамдар (Раззаков–Бөкөнбаев, Раззаков–Самат, Раззаков–Чимген жана шаар ичиндеги каттамдар): жалпы болжолдуу киреше: 2 700 000 сом/жылына.
Жалпы киреше: 5 940 000 сом/жылына
Тейлөө чыгымдары: Жылына болжол менен 1 121 470 сом (дизель, оңдоо жана тейлөө)
Таза киреше: 4 818 530 сом/жылына
3. Бизнес–план
3.1. Каржылоо планы
Жергиликтүү бюджеттен салым: 114 606 доллар
Кредит: 259 000 доллар (5 жылдык мөөнөткө пайыздык чен 4%)
3.2. Киреше жана чыгашалар
Иштөө кирешеси: 5 автобустан жылына 3 738 530 сом
Кредиттик төлөм: 259 000×4%=10 360 доллар (жылдык пайыз)
Жылдык төлөм: 57 713 доллар (5 жылга бөлүштүрүлөт)
Негизги чыгымдар:
Дизель: 750 000 сом/жылына
Оңдоо жана тейлөө: 371 470 сом/жылына
3.3. Ишке ашыруу планы
Сатып алуу: Кыргыз–Өзбек өнүктүрүү фондунан каражат тартуу жана автобустарды алуу.
Маршруттарды бекитүү:
Раззаков–Сүлүктү (30 сом азыркы баа)
Раззаков–Бөкөнбаев (25 сом азыркы баа)
Раззаков–Самат (20 сом азыркы баа)
Раззаков–Чимген (15 сом азыркы баа)
Шаар ичиндеги каттамдар (20 сом азыркы баа)
Жүргүнчүлөрдү тейлөө: Жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүүнү камсыздоо
4. Корутунду
Бул долбоор Раззаков шаарынын тургундарынын коомдук транспортко жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, шаардын социалдык–экономикалык шарттарын өнүктүрүүгө түрткү берет. Мындан тышкары, долбоор кирешелүү болуп, насыя төлөмдөрүн өз убагында жабууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Раззаков шаардык
Кеңешинин жооптуу катчысы:- З.Н.Туяков