Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 13-февралы №7
Жалал-Абад шаарындагы Спорт сарайынын курулушуна бөлүнгөн акча каражатына макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.02.2025-ж. чыг.№01-18/677 сандуу каты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарынын Абдурахманов №7 дарегинде жайгашкан муниципалдык жер тилкеге курулуп жаткан Спорт сарайын курулушуна бөлүнгөн 1 000 000 000 (бир миллиард) сом акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарындагы Спорт сарайынын курулушуна бөлүнгөн акча каражатын Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш департаменти аркылуу каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |