КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 19-февралы № 39
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 60-1-берененин 3-бөлүгүндө:
а) экинчи сүйлөмдө "жеке каражаттарынан" деген сөздөр "өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка майыптыгы бар адамдар болуп саналган талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү майыптыктын тобун эске алуу менен белгиленет:
- III топтогу майыптарга - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жети жүз эсе өлчөмүндө;
- I жана II топтогу майыптарга - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө.";
2) 61-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 29-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |