Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 17-февралы ПЖ № 55
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 13 (3669) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |