Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы №34
Болот Мамбетов айыл аймагындагы кыймылсыз мүлккѳ жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес
жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коефициентин
кѳтѳрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 14-январындагы №01-4/74 катынын негизинде Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн кирешелер, чыгашалар боюнча жетектѳѳчү адиси А.Бердиматованын маалыматын жана пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап жергиликтүү Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагында турак жайга мүлк салыгынын коэффициенти 8,5 (1-группадагы мүлк) болуп бекитилсин.
2. Болот Мамбетов айыл аймагында калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коэффициенти 2,0 ге кѳтѳрүлүп бекитилсин.
3. Турак жай багытындагы эмес имараттарга (2-группа) жана комерциялык жайлар үчүн мүлк салыгынын зоналдык коэффициенти 2,0 ге кѳтѳрүлүп бекитилсин
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Кѳл областтык бѳлүмүнѳ жѳнѳтүү жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Г.Садыровага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага М.Жунушалиев