Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы №35
Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылга киреше жана чыгаша бѳлүгүн жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Болот Мамбетов айыл аймагынын 2025-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүн бекитүү боюнча, Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн Финансы экономика жана социалдык ѳнүгүү бѳлүмүнүн башчысы М.Кубанычбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүүкеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын бюджетинин кирешелер (№1 тиркеме) 39688,1 миң сом жана чыгашалар (№2 тиркеме) 39688,1 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2025-жылдагы Республикалык бюджеттен алынуучу “Теӊдештирүүчү гранттын” өлчөмү 22661,0 миң сом өлчөмүндө каралып жумшалсын.
3. Жергиликтүү кирешелердин өлчөмү 17027,1 миң сом өлчөмүндө каралып жумшалсын. 2026-жылга болжолдуу 15952,4 миң сомго, 2027-жылга болжолдуу 17492,4 миң сомго каралды.
4. “Атайын каражаттан” түшүүчү кирешелердин өлчөмү 1781,8 миң сом өлчөмүндө каралып жумшалсын.
5. 2025-жылдын 1-январга калган 586,0 сом калдык акча каражаты № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Атайын счеттогу жалпы суммасы 985,6 миң сом калдык акча каражаты бала бакча №4 тиркемеге ылайык, 11,6 миң сом калдык акча каражаты Турмуш тиричилик калдыктарын тейлѳѳ №5 тиркемеге ылайык жумшалсын.
7. Жергиликтүү бюджеттин кассалык жүгүртүү өлчөмү 2025-жылдын 1-январына карата 37906,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Дүйшембиевага тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев