Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы №36
Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнѳ караштуу мектепке чейинки билим берүү
уюмдарынын кайрылууларын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жѳнүндѳ мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык жана Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүнѳ караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ата-энелер чогулушунун протоколунун негизинде Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн кирешелер, чыгашалар боюнча жетектѳѳчү адиси А.Бердиматованын маалыматын угуп жана талкуулап, жергиликтүүкеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жѳнүндѳ мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык жана Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүнѳ караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ата-энелер чогулушунун протоколунун негизинде Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу мамлекет тарабынан токтотулгандыгына байланыштуу, толугу менен ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
2. Болот Мамбетов айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун бала бакчага болгон ата-энелер тѳлѳмү бир балага 1 күндүк тамак-ашка болгон тѳлѳм 70 сом ѳчѳмүндѳ толук тѳлѳѳ (ооруп калган же жүйѳлүү себептерден улам келбей калган учурда тиешелүү уюмдан справканын негизинде) белгиленсин.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун башчысына Болот Мамбетов айыл Өкмөтү жана ата-энелер менен үч тараптуу келишим түзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл Ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев