Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы № 38
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жѳнүндѳ кодексинин 74 жана 75 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Тоң району боюнча башкармалыгынын 13-январь 2025-жылдагы №01-4/52 сандуу катынын негизинде Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн кирешелер, чыгашалар боюнча жетектѳѳчү адиси А.Бердиматованын сунушун угуп, талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.Болот Мамбетов айыл аймагынын жашоочуларынын таштандыларын айына бир жолу чыгаруу үчүн ар бир кожолукка айына 60 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн кирешелер, чыгашалар боюнча жетектѳѳчү адиси А.Бердиматовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровготапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев