Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы № 40
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 20.12.2024-ж. №388\1 буйругун аткаруу максатында Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун, КР калктуу конуштарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы кѳрүнүшүнѳ карата талаптардын Типтүү эрежелери жалпы жобону бекитип берүү жѳнүндѳ
Тоң районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 21.01.2025-ж. №01-4\9 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 20.12.2024-ж. №388\1 буйругун аткаруу максатында Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун, КР калктуу конуштарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы кѳрүнүшүнѳ карата талаптардын Типтүү эрежелери жалпы Жобону бекитип берүү боюнча Болот Мамбетов ѳкмѳтүнүн айыл чарба жана мал чарбасы боюнча башкы адис А.Ибраевдин сунушу угулуп, талкууланып Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 20.12.2024-ж. №388\1 буйругун аткаруу максатында Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун, КР калктуу конуштарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы кѳрүнүшүнѳ карата талаптардын Типтүү эрежелери жалпы Жобону бекитип берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Болот Мамбетов айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
Төрага М.Жунушалиев