Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 19-сентябры № 556-т
Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда туруктуу туризм чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркмөнстандын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталып,
туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Тараптардын мамлекеттеринин калкынын маданий турмушу менен таанышуу максатында,
туризм чөйрөсүндө тыгыз жана узак мөөнөттүү кызматташууга өз ара кызыкчылыкты таанып,
Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда туризм чөйрөсүндө, ошондой эле алардын туристтик иштин улуттук субъекттеринин ортосунда мамилелерди өнүктүрүүнү каалап,
Тараптардын мамлекеттеринин экономикалык, социалдык жана маданий прогрессинде туризмдин маанилүү ролун көңүлгө алуу менен,
туризм чөйрөсүндө Тараптардын натыйжалуу кызматташуусуна жетишүүгө умтулуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар бир Тараптын мамлекетинин жарандарын экинчи Тараптын мамлекетинин жаратылышы жана кооз жерлери, тарыхый-маданий эстеликтери жана элинин каада-салттары, ошондой эле илим, экономика, социалдык өнүктүрүү, маданият жаатындагы жетишкендиктери менен тааныштыруу максатында туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөктөшөт.
Кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына, ушул Макулдашуунун жоболоруна жана Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын негизинде жүзөгө ашырылат.
2-берене.
Тараптардын ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
түркмөн тараптан - Түркмөнстандын Маданият министрлиги.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы өзгөргөн учурда бир Тарап экинчи Тарапка кабарлоого милдеттүү.
3-берене.
Тараптар Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары менен туристтик уюмдардын, ошондой эле эл аралык жана ички туризмди өнүктүрүүгө катышкан башка уюмдардын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты колдойт.
Тараптар эл аралык конференцияларды, форумдарды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоолорду уюштуруу аркылуу биргелешкен туристтик маршруттарды жана бренддерди илгерилетүүгө көмөктөшөт.
4-берене.
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
- Тараптардын мамлекеттеринин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарнамалык компанияларды өткөрүү;
- туризмди өнүктүрүү боюнча ар кандай иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде спорттук иш-чараларга, музыкалык, театралдык жана фольклордук фестивалдарга катышуу максатында топтук жана жеке туризмди уюштуруу;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү туристтик жарманкелерге жана көргөзмөлөргө катышуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин туристтик уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өз ара таанышуу сапарларын уюштуруу;
- альпинизмди жана рафтингди, ошондой эле этно-экотуризмди жана санаториялык-курорттук туризмди өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташтыкты чыңдоо;
- туризм чөйрөсүнө, анын ичинде туристтик объекттерди курууга инвестицияларды өз ара тартуу;
- медициналык жана спорттук туризмди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Тараптардын мамлекеттеринде транспорттук-логистикалык инновацияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- гастрономиялык туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- туристтик инфраструктураны, туристтерди тейлеген башка инфраструктураларды ошондой эле мейманкана менеджментин өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу;
- туристтик индустриянын өкүлдөрү үчүн кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, стажировкаларды уюштурууга көмөктөшүү, Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар мекемелеринин адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууну колдоо;
- туризм чөйрөсүндө, анын ичинде туристтик комплекстерди жана рекреациялык зоналарды түзүүдө маалымат жана иш тажрыйбасын, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык туризмге инвестициялар жаатында берилүүчү жеңилдиктер жөнүндө маалымат алмашуу;
- туристтик ишти өнүктүрүү боюнча изилдөөлөрдүн жана долбоорлордун натыйжаларын ишке ашырууда коомдук жана жеке уюмдарга көмөк көрсөтүү, Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында Тараптардын мамлекеттеринин туристтик потенциалын жарнамалаган туристтик басылмаларды жана башка материалдарды, атап айтканда аудио жана видеоматериалдарды жайылтуу.
5-берене.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин үчүнчү өлкөлөрдөгү туристтик жана тарыхый-маданий потенциалы жөнүндө маалыматтык, жарнамалык-таратылуучу материалдарды жайылтууга, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн туристтердин баруусуна көмөк көрсөтөт.
Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында турган Тараптардын мамлекеттеринин туристтеринин коопсуздугун камсыз кылуу, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда аларды эвакуациялоо боюнча чараларды көрөт.
6-берене.
Тараптар Дүйнөлүк туристтик уюмдун жана Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык туристтик уюмдардын алкагында кызматташууну координациялайт.
7-берене.
Тараптардын ортосунда ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан кандай болбосун талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8-берене.
Бул Макулдашуу алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу менен байланышкан чыгымдар ар бир Тарап тарабынан, эгерде ар бир конкреттүү учурда Тараптардын ортосунда башкача макулдашылбаса, тиешелүү чөйрөгө бөлүнгөн финансылык каражаттардын чегинде өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жабылат.
10-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
11-берене.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо дипломатиялык каналдар боюнча алынган датадан тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири да экинчи Тарапка ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө кезектеги мезгил аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарлабаса, автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, анын колдонулуу мезгилинде түзүлүшү мүмкүн болгон долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга таасирин тийгизбейт жана анын колдонулуу мөөнөтү аяктаган датага карата аяктабайт.
202___-жылдын "___"_______________ шаарында, эки нускада, ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде кол коюлган.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Макулдашуунун орус тилиндеги тексти артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |
_______________________________ |
| _______________________________ |