Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 24-октябры № 675-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Бахрейн Королдугунун Жарандык авиация башкармалыгынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директоруна жогоруда аталган Меморандумдун (б) Тиркемеси болуп саналган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан парафирлөөгө ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |