Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин
IX чакырылышынын кезектеги 4 сессиясынын
2025-жыл 06-февралы №4/4
Турак жай имараттары жана курулмалары үчүн салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 03.02.2025-жылдагы №01-18/6 сандуу кайрылуу катына ылайык турак жай имараттары жана курулмалары үчүн салык өлчөмүн бекитүү тууралуу айыл өкмөтүнүнүн башчысы М.Жапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 4-беренсинин 14-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу турак жай имараттарына жана курулмаларына салык ставкасы 2025-2027-жылдарда колдонуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын сунушунун негизинде базалык салык наркы 30 (отуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамына жана бектилген салык ставкасына ылайык иш алып баруу жагы Үч-Коргон айыл өмөтүнүн башчысы М.Жапаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Эгембердиевге жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |
|
|