Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин
IX чакырылышынын кезектеги 4 сессиясынын
2025-жыл 06-февралы №4/5
Мамлекеттик жер фондусунун баштапкы ижара акысын бекитүү тууралуу айыл өкмөтүнүн кайрылууларын кароо жөнүндө
Мамлекеттик жер фондусунун ижара акысынын баштапкы баасын бекитүү тууралуу “айыл чарба, өнөр-жай, жерге жайгаштыруу, экология жана суу ресуртары” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Аскарбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик жер фондусундагы аукционго коюлуп жаткан жерлердин ижара акысынын баштапкы баасы жерлердин категориясына жараша төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
сулуу жер 1 га үчүн – 15 000 (он беш миң) сом
шарттуу суулуу 1 га жер үчүн- 10 000 (он миң) сом
Жел-Тийбес зонасындагы 1 га жер үчүн- 5 000 ( беш миң) сом
2. Ижарага берилген жерлердин сугат суусу үчүн төлөм өзүнчө эсептелип алынсын.
3. Бектилген тарифтерге ылайык иш алып баруу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин “Айыл чарба, өнөр-жай, жерге жайгаштыруу, экология жана суу ресуртары” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Аскарбековго жүктөлсүн.
5. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |
|
|