Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин
IX чакырылышынын кезектеги 4 сессиясынын
2025-жыл 06-февралы №4/6
Муниципалдык менчикте турган бош жерлерге ижара акысын бекитүү тууралуу айыл өкмөтүнүн кайрылууларын кароо жөнүндө
Муниципалдык менчикте турган бош жерлерге ижара акысын бекитүү тууралуу “айыл чарба, өнөр-жай, жерге жайгаштыруу, экология жана суу ресуртары” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Аскарбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган бош жерлерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жарандарга берүү төмөнкү тартип менен ижара өлчөмү бекитилсин.
- суулуу жерлердин ар бир м/кв үчүн - 0,17 сом
- төмөнкү зонадагы жерлердин ар бир м/кв үчүн - 0,12 сом
- жогорку зонадагы ар бир м/кв үчүн - 0,03 сом
- жогорку зонадагы жерлердин багытын айдоо катары иштеткендерге ар бир м/кв үчүн - 0,05 сом
2. Бектилген ижара өлчөмүнө ылайык иш алып баруу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин “айыл чарба, өнөр-жай, жерге жайгаштыруу, экология жана суу ресуртары” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Аскарбековго жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |
|
|