Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин
IX чакырылышынын кезектеги 4 сессиясынын
2025-жыл 06-февралы №4/8
Муниципалдык менчикте турган жерди мамлекеттик менчикке өтөрүп берүү тууралуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүң 04.02.2025-жылдагы № 01-6/188 сандуу сунуш катын кароо жөнүндө
Муниципалдык менчикте турган жерди мамлекеттик менчикке өтөрүп берүү тууралуу “айыл чарба, өнөр-жай, жерге жайгаштыруу, экология жана суу ресуртары” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Аскарбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылынын Кабылбек ажы көчөсүнөн милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн бөлүнүп берилген 400 (төрт жүз) м2 жер тилкесин мамлекеттик меничкке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Берилген жер тилкесин тиешелүү документтери менен райондук милиция бөлүмүнө өткөрүү жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин “айыл чарба, өнөр-жай, жерге жайгаштыруу, экология жана суу ресуртары” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Аскарбековго жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |
|
|