Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы №14
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановдун отчету
Кадамжай шаардык кеңеши шаардын мэри А.Мурзажановдун 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардын социалдык инфраструктурасын өсүп өнүгүүсү үчүн түрткү берүүчү гранттарды жана инвестицияларды тартууну активдештирүү жагы;
- Шаардын тазалыгын сактап, тургундарды, чарбалык субьектерди суу, электр энергиясы жана жылуулук менен айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы;
- Шаардын тургундарынын жана жаштардын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, машыгууга тийиштүү шарттарды түзүп, ар түрдүү мелдештерди уюштуруу боюнча иш чараларды өткөрүү жагы;
- Шаарда жүргүзүлгөн куруу иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу жагы;
- Шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү жагы.
Төрага: | К.Дастиров |