Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы №16
Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын кайрылуусун, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүруу боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2025-жылдын 1-январына карата болгон калдык жалпысынан 8874,7 миң сомду: анын ичинде негизги счетто 8115,1 миң сом жана атайын счетто 759,6 миң сом.
Жыл башында кредитордук карыздар 1189,2 миң сом жана 2024-жылдын аягында тендерлер өтүп келишим 4365,3 миң сом. Финансылык кредит: 45 батирлүү квартирага төлөнгөн бюджеттик кредиттин суммасы 1062,9 миң сом, бош калдык 1497,7 миң сом.
2025-жылга карата бюджеттик каражаттардын төмөнкү статьяларга бөлүнсүн:
Аппаратка
- 23,2 сом калдык 2211 статьясына
- 100,0 сом калдык 2221 статьясына
Субсидия
- 1497,7 сом калдык 2512 статьясына
ММД
- 977,1 сом калдык 2215 статьясына
- 4927,0 сом калдык 3111 статьясына
- 590,1 сом калдык 3112 статьясына
Калдык болгон акча каражаттар төмөнкү статьяларына бөлүнсүн:
- 759,6 сом калдык 3112 статьясына
Төрага: | К.Дастиров |