Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 13-февралы №8
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад блусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жаңы административдик имаратынын курулушуна бөлүнгөн акча каражатына макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.02.2025-ж. чыг.№01-18/680 сандуу каты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жаңы административдик имаратынын курулушуна бөлүнгөн 750 000 000 (жети жүз элүү миллион) сом акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жаңы административдик имаратынын курулушуна бөлүнгөн акча каражаты Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш департаменти аркылуу каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Турдубеков |