Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 13-февралы №10
Жалал-Абад шаарынын аймагында курулуп жаткан муниципалдык базардын жалпы жер участогу жана курулуп жаткан имараттары менен күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/682 сандуу каты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагында курулуп жаткан муниципалдык базардын жалпы 22,5 га жер аянты жана курулуп жаткан имараттары менен күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Турдубеков |