Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 13-февралы №14
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү оперативдик башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 12.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/729 сандуу каты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 13.02.2025-жылдагы кеӊейтилген отурумунда каралып, отурумдун корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүндө жайгашкан “Газпром” спорттук эс алуу комплексинин имаратын тиешелүү мүлктөрү менен Жалал-Абад облустук футбол ассоциациясына оперативдик башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) мүлктөрдү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Турдубеков |