Редакцияот 05.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

 

2024-жылдын 5-февралы № 38-т

 

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Digital CASA - Кыргыз Республикасы долбоорун кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормосу) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2018-жылдын 2-июлундагы каттын расмий тилде (расмий эмес котормосу) тиркелген долбоору жактырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров