Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышылынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 3/3
Жүктөгүч (погрузчик) алууга акча каражатын которууга
кепилдик берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-39-беренесин жетекчиликке алып жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын билдирүүсүн угуп, Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин алдындагы “Чолпон” муниципалдык ишканасынын ишин жакшыртуу максатында жүктөөчү (погрузчик) алууга Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоого, өздүк салым катары жалпы наркы 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты 2025-жылда бюджет бекитилген учурда, эске алуу менен бөлүп берүүгө кепилдик берилсин.
2. 2025-жылдын бюджетин бекитип жаткан учурда эске алуу, планга киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. Козубековга жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ө. Урматов |