Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышылынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 3/6
Чолпон маданият үйүнүн чатырын алмаштырууга акча каражатын которууга кепилдик берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-39-беренесин жетекчиликке алып жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын билдирүүсүн угуп, Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинне караштуу Чолпон маданият үйүнүн чатырын алмаштырууга үлүштүк дем берүүчү грантка (стимгрант) долбоор сунуштоого, өздүк салым катары жалпы наркы 400 000-00 (төрт жүз миң) сом акча каражаты 2025-жылда бюджет бекитилген учурда, эске алуу менен бөлүп берүүгө кепилдик берилсин.
2. 2025-жылдын бюджетин бекитип жаткан учурда эске алуу, планга киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. Козубековга жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ө. Урматов |