Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышылынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 29-январы № 4/4
Чолпон айылдык маданият үйүнө маркум, Чолпон айылынын тургуну Бейшекеев Төлөбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Чолпон айылдык маданият үйүнө ысым ыйгаруу жөнүндө 2024-жылдын 17-сентябрындагы Чолпон айылынын тургуну Сулайманова Алтындын жана аппарат кызматкерлеринин №4 протоколун эске алып, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы “КР географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү тартиби” жөнүндөгү №467 токтомун II бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн жетекчиликке алып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылынын 1937-жылы төрөлгөн тургуну, маркум Бейшекеев Төлөбектин айылдык клубда иштеген мезгилдердеги эбегейсиз кошкон салымын эске алуу менен, Чолпон айылдык маданият үйүнө Бейшекеев Төлөбектин ысымы ыйгарылып, Бейшекеев Төлөбек атындагы маданият үйү деп белгиленсин.
2. Чолпон айылдык маданият үйүнө ысым ыйгаруудагы тиешелүү иш кагаздарды бүтүрүү жагы клуб башчы Н. Рахманкуловага тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы З. Козубековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ө. Урматов |