Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышылынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 29-январы № 4/5
2025-2027-жылдарга салык мезгилдерине, турак-жай имараттарына жана жайларга салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Н. Сатыбалдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-34-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. КР Жогорку кеңешинин “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги тууралуу, 2025-2027-жылдарга салык мезгилдерине пайдаланууга берилген турак-жай имараттарына жана жайларга салыктык ставкаларды 100 (бир жүз) сомдон ашпаган суммада көтөрүү боюнча талкуулап, айыл аймагында турак-жайларга болгон салык 8 (сегиз) сом 41 (кырк бир) тыйын болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы З. Козубековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ө. Урматов |