Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 19-февралы № 41
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү
тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 2-бөлүгүнүн 12-пунктунда "(жеңил таксилерден тышкары)" деген сөздөр алып салынсын;
2) 9-берененин 1-пунктунун "б" пунктчасы "7," деген цифрадан кийин "17, 18," деген цифралар менен толукталсын;
3) 15-берененин 17-пунктунда "(жеңил таксилерди албаганда)" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене
Ушул Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин экинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 13 (3669) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |