Редакцияот 20.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 20-апрели № 27/3

 

Кочкор айылынын тургундарына наам ыйгаруу жөнүндө

 

Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123-мыйзамынын 40-беренесинин 9-пунктунун жана 39-беренесинин негизинде,токтом кылат:

1. Кадыркулов Эшмукамбет, Өмүрова Майрам, Абдиева Айтбүбү, Түнкатаров Бактыбек Айнидинович, Иманалиев Ишенбек Аманбекович, Касымбек Дүйшөналиев, Токтоалиев Бакытбек Жеңишович, Аманат Байтакова, Убукеев Гуля Тейишовна, Курманалиева Атыркүл Ашырбековна, Нарматова Кимия Султанова, Ибраева Дамира Исмаиловна, Марипа Айыпова, Медербек Абдылдаев, Жумабек уулу Мухамед, Турганова Гульнура Молдошовналарга Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Асранбекова Аида Анварбековна, Касымалиева Жылдыз Турсеитовна, Нур Жумадилова, Солталиева Бааркүл Сабырбековна, Касымалиев Дайыр Эсенбекович, Жумагулова Насыйкат Сүйүндүковналарга «Мыкты мугалим» наамы ыйгарылсын.

3. Ашыралиева Айнура Советбековна, Асаналиева Мадина Темирбековналарга «Мыкты доктор» жана Токтоналиева Мариса Обосовна, Жаанбаева Роза Мамбеткадыровналарга, «Мыкты медайым» наамы ыйгарылсын.

4. Тиешелүү күбөлүктөрдү жазатуу жана тапшыруу жагын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

  

Төрага

Э. Эшмукамбетов