Редакцияот 20.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 20-апрели № 27/4

 

Чоң-Булак көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө

 

Кочкор айылынын Чоң-Булак көчөсүнүн тургундарынын протоколунун негизинде элге эмгеги зор, жетекчилик кызматтарда өзүнүн жетишкендиктери менен талыкпай иштеп, көптөгөн сыйлыктардын ээси, Абдымажим Сулаймановдун атын коюп берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО, Министрлер кабинетинин 2008-жылдын 19-августагы №467 токтомдун 11-пункутуна ылайык «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кочкор айыл аймагындагы Чоң-Булак атындагы көчөнүн аты Абдымажим Сулайманов атындагы көчөсү болуп өзгөртүлсүн.

2. Абдымажим Сулайманов атындагы көчөнүн турак жайларына катар номерин, көчөнүн атын жаздыруу жана демоорчүлүк кызмат кылуу жагы уулдарына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн милдетин убактылуу аткаруучу Т.Абдылдаевга тапшырылсын.

 

 

Төрага

Э.Э. Эшмукамбетов