Редакцияот 20.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 20-апрели № 27/6

 

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндө

 

Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык, негиздерин ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 3-пункутуна ылайык «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча укуктук мамилелердин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.

2. Кочкор айыл аймагында статикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышщын уюштурууну жана көзөмөлдөөнү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Т.Абдылдаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика жана салык жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркемеси: «Типтүү келишим» 13 баракта)

 

 

Төрага

Э. Эшмукамбетов