Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 277
Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек-Сай үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна керектүү эмеректерди алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек-Сай үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери А.Тургунованын жаны төрөлгөн жаш балдарды атайын текшерүүдөн өткөрүү мезгилинде салмагын, бой узундугун текшерүү жумуштарын аткарууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында азыркы заман талабына ылайык жаш балдарды кароочу стол, (смотровой пеленальный стол), электрондук медициналык тараза, бой өлчөгүч (ростомер механический) сыяктуу эмеректерди алып берүү зарылдыгы боюнча жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жаны төрөлгөн жаш балдарды атайын текшерүүдөн өткөрүү мезгилинде салмагын, бой узундугун текшерүү жумуштарын аткарууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаш балдарды текшерүүгө тиешелүү эмеректерди алып берүү үчүн: жаш балдарды кароочу стол, (смотровой пеленальный стол) 12 000 (он эки миң) сом, электрондук медициналык тараза 13 000 (он үч мин) сом, бой өлчөгүч (ростомер механический) 8 000 (сегиз миң) сом, жалпы 33 000 (отуз үч мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |