Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 272
Терек-Сай -Жаңы-Базар автожолуна жол белгилерин орнотуу үчүн “ЭВЕНТУС” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2022-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде, Терек-Сай – Жаңы-Базар автожолуна жол белгилерин орнотуу максатында Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай-Жаңы-Базар автожолуна жол белгилерин орнотуу үчүн “Эвентус” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2022-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен 241 600 (эки жүз кырк бир миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |