Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 271
Терек-Сай айыл аймагына караштуу С.Мырзалиев жана Горняк-1 көчөлөрүнө таза суу чыгаруу үчүн “ЭВЕНТУС” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2022-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу С.Мырзалиев жана Горняк-1 көчөлөрүндө жашаган айыл тургундарына ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында, жашоочулардын кайрылууларынын негизинде Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. С.Мырзалиев жана Горняк-1 көчөлөрүнө таза суу чыгарууга “Эвентус”жоопкерчилиги чектелген коомунун 2022-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен С.Мырзалиев көчөсүнө 1 453 909 (бир миллион төрт жүз элүү үч миң тогуз жүз тогуз) сом, Горняк -1 көчөсүнө 1 962 729 (бир миллион тогуз жүз алтымыш эки миң жети жүз жыйырма тогуз) сом, жалпы суммасы 3 416 638 (үч миллион төрт жүз он алты миң алты жүз отуз сегиз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |