Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 20-апрели № 27/9
Кочкор айыл аймагынын борборунан жер аянтын берүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын борборунан ЛЕД экран жана муниципалдык даараткана салдырууга жер бөлүп берүү боюнча Кочкор айылдык кеңешинин депутаты С Муратбек кызынын сунушун угуп жана талкуулап,, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 39-беренесинин негизинде , Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагынын борборуна ЛЕД экран жана муниципалдык даараткана салдырууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Талапка ылайык жер аянтын бөлүп берүүдө мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн орун басары Т. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экологияны коргоо жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |