Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 268
Терек-Сай айыл аймагынан Элдик курултайга шайланган делегаттардын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн уюштуруу комитетинин көчмө жыйынына жана Биринчи Элдик Курултайга барып келүүсү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынан шайланган эки делегатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин көчмө жыйынына жана Биринчи Элдик Курултайга барып келүүсү үчүн сапар чыгымдарын төлөп берүү боюнча Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагынан шайланган эки делегатка (Арстанбеков И., Абубакир у.Жылдызбек) Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин көчмө жыйынына жана Биринчи Элдик Курултайга барып келүүсү үчүн сапар чыгымдарына 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |