Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 267
Республикалык денгээлде өткөрүлгөн “Эр эңиш” спорттук иш чарага колдоо көрсөтүү жөнүндө
Республикалык денгээлде өткөрүлгөн “Эр эңиш” спорттук иш чарага Чаткал районунан катышкан спортчуларга колдоо көрсөтүү максатында акча каражатынан бөлүп берүү зарылдыгы боюнча Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Республикалык денгээлде өткөрүлгөн “Эр эңиш” спорттук иш чарага Чаткал районунан катышкан спортчуларга колдоо көрсөтүү максатында 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |