Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 255
Терек-Сай айыл аймагында жарандык абалдын актыларын каттоого алууну жакшы жолго коюу максатында “ЭВЕНТУС” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2022-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен күбөлүктөрдү чыгаруучу (матричный принтер) аппарат алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында жарандык абалдын актыларын каттоо мезгилинде күбөлүктөрдү (туулгандыгы, нике,өтүп кеткендиги тууралуу) алуу көйгөй жаратып жаткандыктан, тургундардын көйгөйүн чечүү максатында күбөлүктөрдү жеринде басып чыгаруу зарылдыгына байланыштуу “Эвентус” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2022-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен күбөлүк чыгаруучу (матричный принтер) аппарат алуу керектиги жөнүндөгү жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн адиси А.Анарбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагында жарандык абалдын актыларын каттоо мезгилинде күбөлүктөрдү (туулгандыгы, нике, өтүп кеткендиги тууралуу) жеринде чыгаруу максатында “Эвентус” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2022-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен күбөлүк чыгаруучу (матричный принтер) аппарат алуу үчүн 86 000 (сексен алты миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |