Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 03-ноябрындагы № 253
Терек-Сай айыл аймагында тургундарды ташуу үчүн коомдук транспорт (автобус) алуу үчүн өздүк салым кошуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында эки мектеп, эки бала бакча бар. Мектептердин аралыктары 7 км болгондуктан, мектепке, бала бакчага балдарды транспорт менен ташуу зарылдыгы бар. Биз үчүн эң көйгөйлүү маселе болгондуктан, Ханс Зайдель фонду менен проект жазып жатабыз. Ошондуктан 2 00 000 (эки жүз миң) сом өздүк салым кошуу керек болгондугу жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагында окуучулар, бала бакчага баруучу балдар мектепке, бала бакчага транспорт менен каттоо көйгөйү болгондуктан, Ханс Зайдель фонду менен бирге проект жазып иш алып барууда өздүк салымга 200 000 (эки жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |