Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 03-ноябрындагы № 249
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнө Таза суунун магистралын жаткыруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Горняк-1 көчөсүнө Таза суунун магистралын жаткыруу зарылдыгы болгондуктан, акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Горняк-1 көчөсүнө Таза суунун магистралын жаткыруу зарылдыгы үчүн 1 961 000 (бир миллион тогуз жүз алтымыш бир мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |