Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 03-ноябрындагы № 248
Эрежесиз эр уруш спорттук иш чарасына катышуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Нарматов Дөөлөттүн Кызыл-Токой айылында болуп өткөн эрежесиз эр уруш спорттук иш чарасына катышууда демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну, спортсмен Нарматов Дөөлөттүн эрежесиз эр уруш спорттук иш чарасына катышуусу үчүн демөөрчүлүк жардам катары 200 000 (эки жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |