Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 03-ноябрындагы № 247
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүнүн тургуну Шердаков Шеркулга ден соолугуна байланыштуу, Горняк-2 көчөсүнүн тургуну Таштанбекова Гулжамалга турмуш шартына байланыштуу,Кызыл-Токой айылынын тургундары Атамбекова Жазгүлгө ден соолугуна, Талантбек кызы Айзирекке турмуш шартына, Мамбеталиев Мирдөөлөткө турмуш шартына, Нарынбай уулу Бахтиярга турмуш шартынын оордугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүнүн тургуну Шердаков Шеркулга 30 000 (отуз мин) сом, Горняк-2 көчөсүнүн тургуну Таштанбекова Гулжамалга 10 000 (он мин) сом, Кызыл-Токой айылынын тургундары: 1-группадагы майып Атамбекова Жазгүлгө ден соолугуна байланыштуу 50 000 (элүү мин) сом, Талантбек кызы Айзирекке турмуш шартынын оордугуна байланыштуу 50 000 (элүү мин) сом, Мамбеталиев Мирдөөлөткө турмуш шартынын оордугуна байланыштуу 50 000 (элүү мин) сом, Нарынбай уулу Бахтиярга турмуш шартынын оордугуна байланыштуу 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты материалдык жардам катары бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |