Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 03-ноябрындагы № 246
Чаткал районунда өтүүчү “Алтын күз” фестивалына даярдык көрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагы тарабынан Чаткал районунун денгээлинде өтүүчү “Алтын күз” фестивалына катышуу максатында атайын иш чараларды уюштуруу жана даярдык көрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагы тарабынан Чаткал районунун денгээлинде өтүүчү “Алтын күз” фестивалына катышуу максатында атайын иш чараларды уюштуруу жана даярдык көрүү максатында 100 000 (жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Тойчуев М.С. |