Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги жетинчи сессиясынын
2025-жыл 31-январындагы №7-3
Мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин жана Кыргыз Республикасынын "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 17-январындагы чыгыш № 01-09/25 сандуу катынын жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-январындагы чыгыш № 01-28/90 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-январындагы отурумунун № 2 протоколунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы турак-жай имараттар үчүн салыктын ставкасы 2025-2027-жылдар үчүн 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А. Алимов |