Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 03-ноябрындагы № 244
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” балдар бакчасында инвентарлардын эскилиги жеткендигине байланыштуу жанылоо жана балдар ойноочу аянтчага заманбап оюн ойноочу комплекстерди алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” балдар бакчасында инвентарлардын эскилиги жетип, жараксыз абалга келгенине жана балдар ойноочу аянтчага заманбап жаны балдар ойноочу комплекстерди алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү зарылдыгы жөнүндөгү мекеменин жетекчиси Ч.Баимбетованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” балдар бакчасында инвентарлардын эскилиги жетип, жараксыз абалга келгенине байланыштуу жаны инвентарларды алуу үчүн 340 000 (үч жүз кырк мин) сом жана балдар ойноочу аянтчага заманбап жаны балдар ойноочу комплекстерди алуу үчүн 1 380 000 (бир миллион үч жүз сексен мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| Тойчуев М.С. |