Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги жетинчи сессиясынын
2025-жыл 31-январындагы №7-4
Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 30-январындагы кайрылуусунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Көк-Арт дарыясынын жээгин бекемдөө” долбоорун ишке ашыруу максатында жергиликтүү бюджеттен 20251 (жыйырма миң эки жүз элүү бир) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Калган керектелүүчү 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты Сузак райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А. Алимов |