Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-октябрындагы № 229
Терек-Сай айыл аймагына караштууу айылдарда жашаган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүнүн тургундары: Токтогулова Лирага турмуш шартына байланыштуу, Аскарова Гулзатка турмуш шартына байланыштуу, Горняк-2 көчөсүнүн тургуну Орозбаева Светага кызы Курбанкулова Айзиректин дарылануусуна, Турдалиев көчөсүнүн тургуну, пенсионер Баимбетов Иманкулга ден соолугуна байланыштуу, Мырзабаев көчөсүнүн тургуну, пенсионер Ткачева Клавдияга ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Ак-Терек көчөсүнүн тургундары: Токтогулова Лирага 30 000 (отуз мин) сом, Аскарова Гулзатка 18 000(он сегиз миң) сом, Горняк-2 көчөсүнүн тургуну Орозбаева Светага кызы Курбанкулова Айзиректин ден соолугуна байланыштуу дарыланууусуна 20 000 (жыйырма миң) сом, Турдалиев көчөсүнүн тургуну, пенсионер Баимбетов Иманкулга ден соолугуна байланыштуу 50 000 (элүү мин) сом, Мырзабаев көчөсүнүн тургуну, пенсионер Ткачева Клавдияга ден соолугуна байланыштуу 50 000 (элүү мин) сом материалдык жардам көрсөтүү үчүн жалпы 168 000 (бир жүз алтымыш сегиз мин) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| Тойчуев М.С. |