Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-октябрындагы № 224
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” балдар бакчасынын отказанын алмаштыруу жана талапка ылайык жайкы ашкана куруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” балдар бакчасынын жетекчиси Ч.Баимбетованын кышка даярдык көрүү максатында бала бакчанын отказанын алмаштыруу зарылдыгы жана балдар үчүн талапка ылайык жайкы ашкана куруу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” балдар бакчасынын отказанын алмаштыруу үчүн 700 000 (жети жүз мин) сом жана талапка ылайык жайкы ашкана куруу үчүн 208 470 (эки жүз сегиз мин төрт жүз жетимиш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| Тойчуев М.С. |