Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-октябрындагы № 222
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебине класстан тышкаркы жана спорттук иш чараларды уюштурууга улуттук кийимдер жана спорттук формаларды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебинде класстан тышкаркы жана спорттук иш чараларды уюштурууда улуттук кийимдерди жана спорттук формаларды алып берүү зарылдыгы боюнча мектептин директору Г.Шералиеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебинин окуучулары үчүн улуттук кийимдерди жана спорттук кийимдерди алып берүү үчүн 100 000 ( жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| Тойчуев М.С. |