Загрузка документа…
КѲК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин IX чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
2025-жыл 14-февралы №6/4
Көк-Жаңгак шаарында турак-жай имараттары үчүн
салык ставкасын бекитүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 2025 жылдын 20 январындагы №01-6/121 катынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 05.02.2025 жылдагы №3 протоколунун негизинде «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, салык кодексинин 379, 380 - статьяларына өзгөртүүлөр киргизилип, турак-жай имараттар үчүн салыктын ставкасы 100 сомдон ашпаган өлчөмдө бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарында турак-жай имараттары үчүн 2025-2027 жылдарга салыктын ставкасы 50 сом өлчөмүндө бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
Исмаилов Б.М. |