Загрузка документа…
КѲК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин IX чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
2025-жыл 14-февралы №6/5
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу
үчүн төлөнүчү жыйымды бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 2025 жылдын 20 январындагы №01-6/108 катынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 29.01.2025 жылдагы №2 протоколунун негизинде «Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө» кодексинин 73, 74, 75, 76- беренелерине ылайык Көк-Жаңгак шаарынын аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн төлөнүүчү жыйым жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн төлөнүүчү жыйым жеке жана юридикалык жактар- ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар, ишканалар жана мекемелер төлөйт, жумушчулардын санын эсепке алуу менен бир жумушчуга 100 сом өлчөмдө жыйым бекитилип берилсин.
2. Жыйымды төлөө мөөнөтүү, жыл сайын 1 майга чейин төлөнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
Исмаилов Б.М. |